Тарых музейиндеги мрамор, гранит таштары каякка колдонулганы айтылды
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Тарых музейинен алынган гранит, мрамор таштары каякка колдонулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Тарых музейиндеги таштар кайда кеткенин сурап Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна кайрылды.
Абдиев белгилегендей, Тарых музейин оңдоп-түзөө 2 этап менен ишке ашкан.
"Мамлекеттик Тарых музейине баштан аяк оңдоп-түзөө иши 2016-жылы башталган. Бул долбоор 2 этап менен ишке ашмак, биринчи этабы айланасындагы таштарды алмаштыруу. Бул этапты ишке ашырууга Кыргыз өкмөтү менен Түрк мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда кол коюлуп, ТИКА деген курулуш компаниясы ишти баштаган. Ал жерди оңдоп-түзөөгө 4 жарым миллион доллар гранттык каражат сарпталган. Бүгүнкү күндө Тарых музейинин айланасындагы таштар толук алмаштырылып бүтүп калды. Биринчи этап менен жалпы 14027 чарчы метр гранит ташы алмаштырылган.
Экинчи этап музейдин ичин оңдоп-түзөө болчу.
СМУ-3 компаниясы иштеп музейди реконструкция кылганда 4479 чарчы метр мраморду демонтаж кылганбыз. Анын ичинен 1001,4 чарчы метрди Тарых музейине кайра колдондук. Андан тышкары 1164 чарчы метрди онкологияга бергенбиз, алар колдонуп, бүгүн жумуштар бүткөн. "Кыргызтелеком" ишканасы СМУ-3төн расмий кат менен кайрылып 1705 чарчы метр аларга берилген. 357 чарчы метр бүгүнкү күндө аталган компаниянын базасында сакталып турат. Бул эсептердин баары СМУ-3түн жетекчилигинде бар.
Гранит плиталары боюнча 2768 чарчы метр чыккан, кайра колдонууга 21,5 чарчы метр алганбыз, онкология 1652 чарчы метр бергенбиз, 405 чарчы метр СМУ-3түн карамагында сакталып турат.
Башкы куруучу СМУ-3 болгондуктан силер ал жерден эмне чыкса баарын чогулта бергиле кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп бересиңер дегенбиз", - деди Абдиев.
"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, Гуревич, Белизгейт жана Салянованын маселесин талкуулады






1 |