super.kg logo

Европанын 5 жолку чемпиону, орусиялык кикбоксчу Диана Каратееванын жансыз денеси табылды

 

Европанын 5 жолку чемпиону, орусиялык кикбоксчу Диана Каратееванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мушкердин жансыз денеси өзүнүн Абакан шаарындагы үйүнөн табылган.

"23 жаштагы спортчуну өз үйүндө эс-учун жоготкон абалда достору таап, "Тез жардам" жана полиция кызматын чакырышкан. Тилекке каршы, окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери спортчу бир нече саат мурун каза болгонун билдиришкен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Каратеева иске ууланып көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

Диана Каратеева Орусиянын кикбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү болгон. Ал көптөгөн эл аралык мелдештерде жеңишке жетип, өз салмак ченинде Европанын 5 жолку чемпиону болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.09.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кызды тааныйт элем, бул кыз кылган залда бизда тренеровка кылат элек, өтө күчтүү кыз эле байкуш өмүрү кыска экенда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: