Аламүдүн районунда көчөдө жалгыз жүрүп адашып кеткен 2 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди



Аламүдүн районунда жалгыз жүрүп адашып кеткен 2 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылында жүргүзүлгөн рейддин алкагында көчөдө жалгыз жүргөн 2 жаштагы бала табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде 3 саатта баланын жашаган жери аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан анын ата-энеси табылган. Ал 1983-жылы туулган Т.Т. аттуу атасына жана 1986-жылы туулган К.Р. аттуу апасына өткөрүп берилип, профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a

19.09.2018. 21:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 саат бою ата энеси не кылып атыптыр. Айылды алты которуп издеппи же баласынын жоголгонун билбей журо беришиптирби
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.