super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерди сүзүп кеткен айдоочу кармалып, унаасы айып жайга токтотулду

 

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман бүгүн, 1-октябрда Чүй кең көчөсүнөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерди унаа сүзүп кеткенин кабарлаган. Кырсык тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, кырсыкка күнөөкөр кармалып, унаасы айып аянтчасына токтотулганын кабарлады.

"Кырсык Чүй кең көчөсү менен Осмонкулов көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспектор жөө адамдар өтүүчү тилкеден эки окуучуну өткөрүп жаткан учурда жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип сүзүп кеткен. Бактыга жараша, эки окуучу жолдун аркы өйүзүнө өтүп жетишип калышкан. Ал эми жаракат алган кызматкерди "Тез жардам" кызматы Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирген. Учурда инспектордун абалы канааттандырарлык", - деп билдирди маалымат кызматы.






Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерди унаа сүзүп кетти

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.10.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы аман калыптыр
SUPER.KG видео
02.10.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жаш баланы откоруп жатканда деп атат, кулагынар эмнени угуп атат, билип билбей эле оозун чоюп суйлой бергендер тажатышат да. Ушундай жол эрежесин бузган акыл эси томондордун айынан канча деген кырсык болуп канча адамдар боодо жерден каза болуп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: