super.kg logo

"12 жаштагы иним өзү эмес, айылдашыбыздын атын жууп берем деп жатып сууга аккан" дейт Аксыда сууга чөгүп каза болгон баланын агасы

 

Сууга агып каза болгон Маркум Раатбек Өмүрбек уулу.18-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Аксы районунун Кызыл-Жар айыл аймагындагы Кум айылында 12 жаштагы бала мал кайтарып жүрүп Нарын дарыясына түшүп кеткендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Ал эми 19-сентябрь күнү жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында саат 12:45те баланын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Ал эми бүгүн, 2-октябрда SUPER.KG порталына каза болгон баланын агасы Илимбек Ормонбек уулу анын иниси Раатбек Ормонбек уулу мал кайтарып жүрүп эмес, айыл тургунунун "атымды дарыяга жуундуруп берчи" деген суранычын аткарып жатып сууга чөгүп кеткенин билдирди.

"Көптөгөн маалымат каражаттары инимдин өлүмү тууралуу туура эмес маалыматтарды жазып жатышат. Иним 18-сентябрь күнү жылкыларды сугаруу үчүн суу жээгине барган. Ошол учурда 1988-жылы туулган Мики аттуу айылдашыбыз келип "атымды жуундуруп берчи" деген. Ал аттын башына жүгөн салбастан, жөнөкөй эле жип менен иним экөөнү сууга түшүрүп жибериптир. Мунун баарын окуяга күбө болгон инимдин досу айтып берди", - дейт маркумдун агасы.

Илимбектин айтуусунда, маркум бала суудан табылганда кийиминде аттын кылдары табылган.

"Экспертиза дайындалган эмес. Милиция кызматкерлери Раатбектин досунун көрсөтмөлөрүн да алышкан. Бирок эч кандай кылмыш ишин козгошкон жок. Биз айыл өкмөтүнө жана милицияга арыз менен кайрылганбыз. Өзүн тергөөчү деп тааныштырган Айбек Абдрайимов аттуу кызматкер инимдин денесин эксгумация кылып, кайрадан экспертизага дайындоо керектигин, ошондо гана алар кылмыш иши козголорун айтты. Бирок биз кичинекей инимдин көрүнүн казылышына каршыбыз", - дейт Илимбек Ормонбек уулу.

Ошондой эле Илимбек айылдашынын жакындары аларга 2-3 жолу келип кечирим сураганын айтты.

"Айылдашымдын жакындары келип өздөрүн күнөөлүү сезип жаткандыктарын айтып кетишти. Бирок инимди сууга аты менен жиберип ийген Мики өзү келген жок", - деп билдирди Илимбек Ормонбек уулу.


кошулду





"12 жаштагы иним айылдашыбыздын атын жууп жатып чөгүп кетти" дейт маркумдун агасы

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.10.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арамы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: