super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Базар-Коргондо көңүлдөш болуп жүргөн аял менен эркек айылдашын өлтүрүп, андан соң өрттөп жиберишкен"

 
Шектүүлөрдүн бири Мунира
Шектүүлөрдүн бири Калбатыр
Маркумду ушул кырдан түртүп жиберишкен

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда аял жана эркек айылдашын өлтүрүп, андан соң сарайга алып барып өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы окуяны тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалым болгондой, окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагынын Ак-Терек (Каба) айылында катталаган.

Аталган айылдын 62 жаштагы тургуну Мамарасул А. айылдашынын үйүн карап, ошол жерде жашап келген. Дал ушул үйдүн чөп жыйган сарайынан өрт чыгып, Мамарасул А. сарай менен кошо күйүп каза болду деген маалымат Базар-Коргон РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындап, текшерүү иштери башталган. Ал эми маркумдун уулу жана жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин, анын кырсыктан каза болгонун билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Базар-Коргон РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери бул жөн гана өрт кырсыгы эмес, атайын өрт коюу болушу мүмкүн деген божомолдо иликтөө жүргүзө баштаган. Мындан улам окуянын келип чыгуу себептери аныкталып, эки күн ичинде кылмышка шектүү катары аталган айылдын эки тургуну Калбатыр аттуу эркек киши жана Мунира аттуу жалгыз бой аял кармалган.

"Алгачкы көрсөтмөгө таянсак, шектүүлөр Калбатыр жана Мунира көңүлдөш мамиледе болушкан. Ошондой эле шектүү аял каза болгон Мамарасул А. менен да жакын ымалада болгон. Шектүү Мунира каза болгон адамдын 950 миң сом акчасы бар экенин билип, акчасын алуу максатында анын көзүн тазалоону ойлогон. Бул ишке ал көңүлдөшү Калбатырды көндүрүп, экөө биргелешип ээн талаада маркумдун колу бутун байлап, оозун таңып, бийиктиги 4 метр болгон тик кырдан түртүп жиберишкен. Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Андан соң маркумдун жансыз денесин өзү жашап келген үйдүн сарайына алып барып таштап, үйүнө кирип көздөгөн 950 миң сомду издеп башташкан. Жыйынтыгында болгону 750 сом гана табышкан. Кайра келип сарайда жашырылган маркумду жыйылган чөбү менен кошо бензин чачып өрттөп салышкан", - деди басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматынан маалымдашкандай, эки шектүү кылмыш ишин жасоону бири-бирине шылтоодо. Аял "бул кылмышты жасоого көңүлдөшүм мажбурлаган" десе, шектүүлөрдүн бири Калбатыр "Мунира Мамарасулду телефон чалып чакырып, колу-бутун таңып, анан мени жашынтып койгон жеринен чакырып келип, аны кырдан ылдый түртүп жибер деп буюрган" дейт.

Катталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


кошулду





Жалал-Абадда көңүлдөштөр айылдашын өлтүрүп, өрттөп салышкан

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
03.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым ыйман бер элиме.
03.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атандын гору карыганда конулдош болуп калжандашып, эми карылыктын доорун уйдо эмес абакта сурот экенсинер да.
03.10.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон эне , чон ата болуп уйдун торун гулдотуп гулдотуп отурбай кылган иштерин (( уят !
03.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башын менен кара жэрге киргир
03.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашка да,каарыга да ынсап берсин кудайым.Каарыганда калчанда уул-кызын кайын журтунун алдында тилин кысык кылып,жер каратып.Уят !!!
03.10.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мындай эпизод менен жакшы фильм тартса болчудай экен. Оскар алат.
03.10.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым силерге жазанарды берсин!
03.10.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта чоон адамдар, ананда акча учун гана(
03.10.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туугандар экен да.Булар акча учун атасын да сатышат.
03.10.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitra-,аа түшүнүктүү анда
03.10.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эки эркектин башын жептир
04.10.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин "кырынар"кобуроок жарга окшошго...Каарыса да журок жаш бойдон болуп.. Откондогу Ромео Джульеттага окшоп карыганда "жигитим"деп чыкпаганына шугур
04.10.2018. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштар бузулуп кетти, жаштар андай жаштар тигиндей дейт. Жаштардын бузулушуна туздон туз улуу муундун тиешеси бар. Алар туура айтып тарбия берип эле калбай оздорунун да журуш-турушу менен улгу болуусу керек.
04.10.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым,кудай сактай кор! Адам эмес айбан кейпин кийип калдыкго!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: