super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү изделүүдө

 

Чолпон-Ата шаарында муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери кызуу жүрүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

Белгилүү болгондой, каза болгон бала үй-бүлөсүндө эң кичүүсү болгон жана буга чейин жоголуп же үйүнөн кетип калган учурлар болгон эмес.

Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган.






Чолпон-Атада жоголуп кеткен 9 жашар баланын жансыз денеси талаадан табылды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: