super.kg logo

Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракеттенген жаран менен аны сабап өлтүрүүгө шектелген адам классташтар болгон

 

Ысык-Көл облусунун Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракеттенген жаран менен аны сабап өлтүрүүгө шектелген адам классташтар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.

"Катуу ур-токмокко алынып ооруканада каза болгон жаран 30 жашта болчу. Ал кылмышка шектүү катары кармалган жаран менен айылдаш, экөө классташ да болушкан", - деп билдиришти милициядан.

Белгилүү болгондой, учурда кылмышка шектүү катары кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайда. Ага 104-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, окуя кечээ, 8-октябрда саат 19:00 чамасында болгон. Анда 30 жаштагы адам мас абалында таанышынын үйүнө кирип барып, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракеттенген. Апасынын кыйкырганын угуп чуркап кирген баласы мас адамды сыртка сүйрөп чыгып катуу сабаган. Экөөнү ажыратуу үчүн бир нече адам арачы түшкөн. Кийин сабалган киши өзүнө келе албай, ооруканада каза болуп калган.


кошулду





78 жаштагы улгайган аялды зордуктоого аракет жасаган адам сабалып өлтүрүлдү

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.10.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Апасын зордуктайын деп атса сабабай анан башынан сылап жонотуп коёбуле
09.10.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаман иштердин жана көптөгөн өлүмдүн артында "арак" турганын билсе да аны ичкендер көп болууда. Антип апасын зордуктайм деп жатса аны башынан сылап мас экен деп чыгарып коюу да болбойт. Эгер ушул айтылгандар баары туура болсо, анда ал кылмышкер эмес.
SUPER.KG видео
10.10.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол соттогон сотго суроо бериш керек эгер сенин апанды бироо зордуктайм деп апанды кыйкыртыпатса сен эмне кылмаксын деп. Соттолмоктон бащка кылса да тобоо кылдымгоо бала туура эле кылган олтуруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: