super.kg logo

Орусиянын белгилүү футболчулары Москвада чиновникти сабап салышты

 
Футболчулар Александр Кокорин жана Павел Мамаев
Денис Пак
Виталий Соловчук

Орусиялык футболчулар Александр Кокорин ("Зенит") жана Павел Мамаев ("Краснодар") Москва шаарындагы кафелердин биринде аткаминерди ур-токмокко алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгууда.

Ага ылайык, кечээ, 8-октябрда Москва шаарындагы кафелердин биринде футболчулар Кокорин, Мамаев жана достору Орусиянын өнөр жай жана соода сатуу министрлигиндеги чиновник Денис Пакты ур-токмокко алышты. Футболчулар полиция келгенге чейин кетип калышкан.

Денис Пак арыз жазып кайрылганда полиция "уруп-сабоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми анын жактоочусу "бейбаштык" беренесин оорураак беренеге өзгөртүүнү көздөп жатат. Орусиянын Кылмыш-жаза кодекси боюнча "уруп-сабоо" менен айыпталгандар 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. "Бейбаштык" беренесинде 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин аты аталган футболчулар достору менен "НАМИ" мекемесинин башкы директору Сергей Гайсинди жана "Биринчи канал" телеканалынын алып баруучусу Ольга Ушакованын айдоочусу Виталий Соловчукту сабап коюшкан.

Азыркы тапта "Зенит" жана "Краснодар" футболдук клубдары футболчулар менен келишимди бузууну көздөп жатышат. Ал эми Орусиянын спорт министри Павел Колобковдун айтымында, Кокорин менен Мамаев мындан кийин Орусиянын курама командасында ойной албай турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.10.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооптур. Копкон немелерге спорттун эшигин жабуу керек.....
09.10.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замандан артта калба деген ураан силерге жарашпай калдыго супер.
Бул кабар кече саар чыккан. Озунор артта калыпсынар
09.10.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Кокорин Мамаев анан Тимати Егор Крид торто тойгозду уже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: