super.kg logo

Мирбек Атабеков казак ырчысы менен тартылган клиби тууралуу: "Режиссёр талап кылган көп нерселерден баш тарттым"

 

Кечээ интернет айдыңында Мирбек Атабеков менен казак ырчысы Камшат Жолдыбаеванын биргеликте аткарылган "Тыңда мени" ырына тартылган клип жарыкка чыкты. Бир суткага жетпеген убакыттын ичинде жүз миңге жакын кароо болуп, клипти көргөндөр эки жээкке бөлүндү. Жарымы Атабековдун актёрлук чеберчилигин мактап айтышса, экинчи бөлүгү “Мирбектен мындайды күткөн эмеспиз”, “мындай ачык, уят клипте Мирбек тартылганы жарашпаптыр” деп жазгандар. Клип тууралуу ырчыга байланышып, кыскача маек курдук.

- Саламатсызбы? Элдин талкуусуна түшкөн клип тууралуу айта кетсеңиз?

- Кабатырлануунун кажети жок... (күлүп), клипти тартуу учурунда жубайым жанымда болчу. Негизи жубайым Камшат менен бирге ырдап чыкпайсыңбы деп өзү сунуштап келчү. “Сен өлкө аймагынан сырткары да таанымалсың, башка өлкөлөрдүн ырчылары менен да ырда” деп көп айтчу. Клип тартуу учурунда жубайым жанымда болду. Ал мени колдоп, кеп-кеңешин берип турду. Негизи эми баарыбыз эле кызганчаакпыз да... Кызганса керек деп ойлойм, бирок анысын билдирген жок. Муну жумуш катары эле кабыл алды. Айта кетчү нерсе, мен клипте режиссёрдун талабын гана аткардым. Сценарийге тиешем жок, режиссёр клипте “Өбүшкүлө, кучакташкыла” деп жатты, бирок мен аны аткарган жокмун.

- Клипти тартууга канча убакыт кетти?

- Клип өзү 3 күн аралыгында тартылып бүттү. Ал эми клипти тартууга болгон даярдоо процессине жалпысынан 1 ай убакыт сарпталды. Жеке мен клипке тартылуу үчүн биринчи жолу 4 күнгө баргам, кийин дагы барууга туура келди. Репетицияларга катышып, каскадёрлор мага кандай мушташуу керектигин көрсөтүп, үйрөтүп, кызуу даярдык көрдүк. Негизи бул клипти тарткан “Студия “567 cl” өтө беделдүү жана белгилүү, алар аябай кымбат клиптерди тартышат. Алар Орусиянын аймагында да клиптерди тартып келишет. Казакстандагы бир топ белгилүү ырчылардын клиптерин да тартышкан.

- Клиптин сценарийи тууралуу айта кетсеңиз?

- Камшат Жолдыбаева менен биргеликте аткарылган дуэт болгондуктан сценарийдин баарын клипти тарткан студиянын режиссёру Ернар Нургалиевге таандык. Алардын талаптары өтө күчтүү экен. Бул эмгекти клип катары эмес, кино катары кабыл алуу керек.

- Интернеттен клипти көргөндөр сизди мактап жатышат, ошондой эле арасында “уят” деп сынга алгандар да арбын. Комментарийлер тууралуу айтсаңыз.

- Негизи клипте ачык нерселер деле жок. Клипти көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү жакшы эле кабыл алышты. Жаман комментарийлерди жазгандарды деле туура эле кабыл алам. Күйөрмандарыма айтарым, клипте өзүмдү ырчы эмес, актёр катары сынадым.


кошулду





Мирбек Атабеков "Тыңда мени"

Атабеков жаңы клиби тууралуу: “Клипти тартып жатканда жубайым жанымда болчу”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(45)
10.10.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мирбек бул кылганың таптакыр туура эмес болуп калды чын капа болбо сөзсүз ушундай клип тартыш шарт беле сен үчүн!!!
Медиа-портал
10.10.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Охоо Мирба боевик боп кеткенби?
Медиа-портал
10.10.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мирба, азаматсын!!! Режиссер сенин типажынды коро билген адам экен. Мен ушуга окшогон образдагы ролду кутот элем сенден. Чыгармачылыгына ийгилик!!!!
10.10.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой тим эле туура эмес, уят, мындай болбойт. Жон эле суйлой беришет, кайсыл жери уят экен? Мындан жаманын коруп журушот. Жакпаса корбой койсонор болбойбу?
10.10.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мирбектин ХХХХХХ уй булон мн отурганда кантип коросун мындайды же силерде боло береби .
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-10 14:49:55
14.01.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suior85, ХХХ - деген бар экенин сен кайдан билесин?))))
10.10.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эмес жакшынакай эле клип силер экөөнүн жабышканын жакындык катары эмес, актёрдук чеберчилик катары баалап карагыла да. Сценарийге, клиптин тартуу сапатына баа бергиле да
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-10 14:51:29
11.10.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tatum67,Э чеберчилигин менен жерге киргирлер
10.10.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уят дегендер кочодон козунорду жумуп журосунорбу?
Медиа-портал
10.10.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң мыкты сонун клип болуптур сапаты эң жогорку деңгээлде, ушул сыяктуу кинолорго тартылсан сонун болчудай экен.
10.10.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эненер менен чогуу тамак устундо бул клипти кантип уялбай коросунор?!! Зере бутуп Мирбек калган экен эле да...

Мен бул ырчыны сыйлачумун. Бирок сыйга татыксыз, ХХХХХХХХХ

Эл катары ырдап журо берсен болбойт беле?! Клип деп тартыла бериш керекпи?!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-10 15:15:13
10.10.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят деп эле бирдей образда журо берген да куйормандарын тажатып койот акыры.Артист болгондон кийин онорун ар кыл образда жаратып коруш керек.Эл оозунда элек жок,ар ким ар кандай жаза берет,конул бурбай тек гана алдыга!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: