BabyKush менен Амирчик биргелешкен жаңы ырын даярдап жатышат (видео)
Кытайдагы этникалык кыргыз рэпер BabyKush менен кыргызстандык ырчы Амирчик биргелешкен жаңы ырын даярдап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда BabyKush өзүнүн социалдык тармагында видео жарыялап, "жаңы чыгармаларыбызды күтүңүздөр!" деп билдирүү калтырды.
Ошондой эле рэпер Кыргызстандагы сапарын жыйынтыктап, мекенине кайтып бара жатканын айтты. Ал өлкөдө убактысын жагымдуу өткөргөнүн, жаңы досторду тапканын жана кооз жерлерди көргөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, BabyKush 2025-жылы "The Rap of China" музыкалык долбооруна катышып, "Kyrgyz Swag" чыгармасы менен кыргыз маданиятын жана көчмөн образын тааныткан.
BabyKush менен Амирчик биргелешкен жаңы ырын даярдап жатышат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:47
2026-09-14
11:9
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















