super.kg logo

Эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны Түркиядан келе албай жатышат

 

Эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны Түркиядан келе албай жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге мекенине келе албай жаткан жарандардын бири кабарлады.

"Жайкы туристтик сезондо "Фиеста сервис" компаниясы аркылуу Кемер шаарындагы мейманканалардын бирине жумушка орношконбуз. Учурда 3 айлык эмгек акыбызды ала албай жатабыз. Андан сырткары мекенибизге кетүү үчүн учак билеттерин сатып бериши керек эле. Мейманкананын жетекчилиги акчабызды жумушка орноштурган компания төлөп бериши керектигин айтышты. Компаниянын жетекчиси дайынсыз болууда.

Биз жумушка орношуу үчүн келишим түзүп жатканыбызда, "Фиеста сервис" компаниясы берген убадаларын аткарышкан жок. Бир нече ай шарты жок, 60 градуска чейин жеткен ысык бөлмөлөрдө кондиционери жок жашадык. Эми айлык акыбызды ала албай, мекенибизге кете албай жатабыз", - деди эмгек мигранты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, Кемер шаары Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугунун карамагында экенин, башкы консул жарандар менен жолугуп, алардын арызын уккандан кийин бир жыйынтык чыгарарын билдиришти.


кошулду





Түркияда эмгек акыларын ала албаган жарандардын маселесин Кыргыз консулдугу көзөмөлгө алды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.10.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх кыргызым кор болдукго ботон элде
16.10.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кидала.
16.10.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
rysik79,айтпа кыргыздын душманы кыргыз деп айтты беле эксажобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: