Баткенде эл ташыган кичи автобус жүк ташыган унаа менен сүзүшүп 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды



Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ак-Татыр аймагында кечээ, 17-октябрда саат 15:00 чамасында орун алган. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Бенц-Спринтер унаасы менен жүк ташыган унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 22 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон, учурда анын аты-жөнү такталууда.
Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
BoDiNur

18.10.2018. 11:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгон эркек киши унаанын айдоочусу бекен?
nuru95kg

SUPER.KG видео
19.10.2018. 04:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
озу спринтер айдагандар азыр жолуна салагалсам жол бошотуп берет, жол жака чыга калсам токтоптурат, адамдар кол которуп тоссо жолдун ортосунда токтоп жиберет. ушул кылыгынан болсо керек эки айдочу бирбирине баш ийбей ушундай акыбалга тушуп калышты окшойт.. кичи пейилдик мн айдаган шопур сак аман болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.