Кыргыз жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылат
Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай "кара тизмеге" кирип калган Кыргыз жарандары эми аталган өлкөнүн аймагына кире алышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 18-октябрда Кыргыз өлкөсүнөн Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай чечим Кыргыз-Орус президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.
“Кара тизмеден” кимдер чыгарылат: бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, ошондой эле мурда Орусиянын аймагында турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган Кыргыз Республикасынын жарандары чыгарылат. Мындан ары Оруссиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн Орусиянын ИИМинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, аталган өлкөгө кире берүүсүнө болот.
Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Орусиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу.
Бирок соттун Орусиядан чыгарылсын деген чечимин аткарбагандар, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар жана орус жергесине барууга тыюу салынгандарга жогорудагы жеңилдиктер каралган эмес", - деди маалымат катчы.















1 |