Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келиндин окуясы: Ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлдү
Ошто колундагы баласы менен кошо 4-кабаттан боюн таштаган келиндин ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, факты боюнча тергөө аяктагандан кийин баланы атасына өткөрүп берүү же биротоло балдар үйүндө калтыруу маселеси каралат.
"Ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин 10-октябрь күнү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми уулу ооруканадан чыгарылгандан кийин убактылуу балдар үйүнө өткөрүлүп берилген. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда", - деди Сыдыков.
2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.
Колундагы 7 айлык баласы менен кошо секирген келинге Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын жолдошу да суракка алынып, ал аялы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айткан.
кошулду
Колундагы баласы менен кошо 4-кабаттан секирген келиндин ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди



1 |