super.kg logo

“Шамбесай” кенинде кайрадан жаңжал. Мекемелер аралык комиссия мүчөлөрүнүн ишине каршылык көрсөткөн элди милиция кызматкерлери кармап кетишти

 

Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде бүгүн, 23-октябрда жаңжал чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Майдан айылынын тургуну Баатырбек Шумкаралиев билдирди.

Белгилүү болгондой мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү "Шамбесай" кенине иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкен. Бирок жергиликтүү эл буга чейин изилдөө иштери жүргөнүн негиз кылып комиссия мүчөлөрүн кенге жеткирбей жолду тосушкан. Окуя болгон жерде тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

"Буга чейин эле изилдеп, элге зыяндуулугу бар экени аныкталган. Бүгүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышты. Бирок алтын казылып алынса элге зыян экенин эл билет. Аны түшүндүрүүнүн кажети жок. Айылдагы алтынды казганга эл 100 пайыз каршы. Элдин укугун коргой турган адам табылабы? Ошол жерге чогулган элди күч колдонуп алып кетишти. Аларды камап коюшу мүмкүн эле. Биз барып аларды чыгарып келдик. Бул биринчи жолку окуя эмес. 10 жылдан бери ар кандай коркутуулар болуп келе жатат. Биздин мамлекетте элдин укугун коргой турган эч ким жок экени өтө өкүнүчтүү. Аким да, айыл өкмөт башчысы да кытайлар тарапта. Жалгыз эл - өзү менен өзү", - дейт Баатырбек Шумкаралиев.


кошулду





“Шамбесай” кенинде кайрадан жаңжал чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
23.10.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1чи суротто милициялар кыз ала качып бараткандай болуптур го.
23.10.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кытайды коргоп, оз элин кордоп жаткан жогорудагыларга мин наалат!!! Адахан Мадумаров бийлике келмейинче Кыргызстан онолбойт.
23.10.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азыркы бийлик да жыргатпай жатат. Шайлоого чейин кандай гана убадалар айтылбады. Баягы эле жапа чеккен карапайым калк. Кудайым колдоп А.Мадумаров президент болуп калганда бир аз болсо да тартип мыйзамдуулук орномок.
23.10.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Туура кылыптыр. Камашсын
23.10.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
filis кимди ким камайт?
23.10.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бу кытайлар оңдурбайт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: