super.kg logo

Кадамжай районунун башчысы: "Шамбесай" кенин иштетүү боюнча жаңы долбоор болгондуктан топурак менен сууну кайра изилдөө керек болду"

 

Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде 23-октябрда жаңжал чыккан. Мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү "Шамбесай" кенине иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкенде жергиликтүү эл каршылык көрсөткөн.

Окуя болгон жерде тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча Кадамжай райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Исаков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Комиссия өкүлдөрү келерин укканда айыл өкмөттүн имаратына 60ка чукул адам чогулган. Аларга мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн, алар топурактан, суудан үлгү алып, изилдөө жүргүзүшөрүн түшүндүргөнбүз. Чогулгандар болсо мурун үлгү алынганын негиз кылып "кайра изилдөөнүн кажети барбы? деген маселе коюшту. Биз буга чейинки изилдөөлөрдөн кийин дагы нааразычылыктар болгону үчүн дагы тапшырма коюлганын айттык. Кенди иштетүүдө элге канчалык зыян болорун тактоо керек эле. Ошондон кийин чогулган эл тарап кетти. Андан кийин кен турган жерге барсак жакынкы айылда жашагандар чогулуп калышыптыр. Алар түшүнбөй туруп эле каршылык көрсөтүп башташты. Комиссия мүчөлөрү топурактан алышты. Алган учурда "таштагыла топуракты" деп каршылык көрсөткөндө милиция кызматкерлери комиссия өкүлдөрүнө элди тийгизбей чыгарып коюшту. Мурунку долбоордо кен иштетүүдө цианид колдонулары жазылган эле. Азыркы долбоордо цианид жок. Ошондуктан башка изилдөөлөр керек болду. Азыркы алып кетишкен топурак менен суу боюнча кандай жыйынтык чыкса, ошого жараша эл менен сүйлөшүү жүрөт", - деди Жаныбек Исаков.






“Шамбесай” кенинде кайрадан жаңжал чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыяны жок болсо да кенди ачпай эле койчу, к

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: