super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Шамбесай" кениндеги окуя боюнча эч ким камалган жок, милиция кызматкерлери тартипти сактады"

 

Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде 23-октябрда жаңжал чыккан. Мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү "Шамбесай" кенине иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкенде жергиликтүү эл каршылык көрсөткөн.

Окуя болгон жерде тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы "мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү изилдөө жүргүзүү максатында суу жана топурак алыш үчүн кен казыла турган жерге келишкен. Бирок аны эл туура эмес түшүнүп, "мурда эле текшергенсиңер" деп тоскоолдуктарды жаратты. Абалды Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду. Милиция кызматкерлери тоскоолдук жараткан жарандардан келген делегацияны алып чыгып кетишкен", - деп билдирди.

Ал эми милиция кызматкерлеринин аялдарды сүйрөп кетип жаткандагы көрүнүш боюнча "алар тартипти сакташты" деп кошумчалашты.






“Шамбесай” кенинде кайрадан жаңжал чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: