Жол кырсыгынан кийин урушта каза болгону айтылган чиновниктин өлүмүнө шектүүнүн карындашы: "Агам жол кырсыгына күнөөлүү, бирок чиновникти өлтүргөн жок"
21-октябрь күнү Бишкекте "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки урушта башынан жаракат алып каза болгон. Маркумдун жакындары жол кырсыгына күнөөлүү болгон эки адам аны сабап, натыйжада окуя болгон жерде каза болуп калганын айтышкан.
Ошол эле учурда шектүү катары саналып жаткан адамдын жакындары айтылган маалыматтар чындыкка туура келбей турганын белгилеп жатышат. Шектүүнүн Элита Каниметова аттуу карындашы SUPER.KG'ге агасынын сөзүнө таянып, окуя кандайча болгонун айтып берди.
"Жол кырсыгы 21-октябрь күнү саат 20:30 чамаларында Түштүк магистралда болгон. Анда Лексус унаасында менин агам жана классташ досу болгон. Агамдын айтымында, ал алдында бараткан унааны сүзүп алгандан кийин эки тарап тең сыртка чыгып сүйлөшүп, чыгымдын ордун толтуруп берүүгө макулдук берген. Ошол учурда күтүүсүз жерден эле экинчи унаанын айдоочусу (Жакыпбеков - ред.) жерге жыгылып түшкөн. Агам ага кайрылып, "байке, баары жакшы элеби?" деп сурап жатканда анын жубайы унаадан чыгып келген. Мүмкүн ошол учурда агам аны уруп жаткандай көрүнгөн болуш керек. Чынында кырсык учурунда агам бир аз спирт ичимдигин ичип алган экен. Бирок каза болгон адамга кол көтөргөн эмес. Агамды билем, өтө оор басырыктуу. Азыр каза болгон адамдардын жакындарына оор болуп жатканын түшүнүп жатабыз, бирок "сабап салды, өлтүрүп койду" айтып жаткандары туура эмес", - деди Каниметова.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.
кошулду
Бишкекте жол кырсыгынан кийинки мушташтан чиновник каза болду

А окуя жонундо айтып кетсем, мас болгон сенин агаларын, арттан сузгон сенин агаларын, анан уруп олтургон сенин агаларын, эми кайсы бетин менен калп айтып отурасын. Эртен эле мед-экспертизанын жыйынтыгы чыгат, ошондо эле калпын чыгат.