Кара-Сууда айдоочу унаасын башкара албай 6 жаштагы баланы сүзүп алды
Кара-Сууда 26 жаштагы айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул маалыматты Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда тастыктады.
Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылында Ош тарапка бараткан 1992-жылы туулган А.Н. аттуу жаран унаасын башкара албай 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен.
Жабыркаган бала Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Азырка тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
MAKALAK

27.10.2018. 23:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садырбай Катта талдыкка карайт Кашкар кыштакка эмес
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.