Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды
Ырчы, Кыргыз Респбуликасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты ырчы SUPER.KG порталына тастыктады.
"Буйрук 24-октябрда чыккан. Бүгүн болсо министрликтин өкүлү келип жамаат менен расмий түрдө тааныштырды. Буюрса, көптөгөн жакшы идеяларды ишке ашыруу алдында турабыз. Алардын баарын сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм", - дейт ырчы.
Буга чейин ырчы "Сулайман-Тоо" музейине директор болуп дайындалган. Бирок көптөгөн талкуулардан жана сын-пикирлерден кийин кызматтан баш тарткан.
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрдук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Ырчы айым 2011-жылы музыкант, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймактагы маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, Алихан, Барсбек аттуу уулдуу жана Даткайым деген кыздуу болушкан.
кошулду
Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды

Сулайман-Тоого директор болгондо элдин сынына калганын унутуп койдубу?! Асан акасынын арты менен уялбай директор болуптур да. Уят, уят.....
Маданият министрлиги аман эле болгула да
Экинчиден директор болуп шайлануунун жол-жобосу, талаптары бар. Самара ошол талаптардын кайсы бирине жооп берет экен, айтчы?!!!!!!
Соке жакында Мотуевди маданият министри, Гулзат Мамытбекти тышкы иштер министри, Чыпалак баатырды дене-тарбия, спорт агенттигинин жетекчиси, Зерени дин башкармалыгы торайымы кылып койсо да тан калып кереги болбой калды......
Аркимдин ырын ырдап эмгек синирген артист болду,соз деле жалко Асан экооно.
Ушул мансапка татыктуумунбу деп озуно озу суроо берет бекен а бул
бул жетекчилике...
Кооп соз жазгым келдиле эми..