Самара Каримова 1 күн иштеп, кайрадан жумушунан алынды
Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болбой калды. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айтып берди. Министрдин белгилешинче, буйрук мыйзамсыз болгон.
"Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрукка мага чейин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Секимов кол койгон. Бирок анда мыйзам бузуулар болгон экен. Себеби ал киши буйрукка кол коюп, андан кийин Ташкент шаарына учуп кеткен. Буйрукту каттоо учурунда бул жерде болушу керек эле да. Ошондуктан иликтеп чыгып буйрукту азыр жокко чыгардым", - деди Жамангулов.
Жаңыдан дайындалган министр Каримованын кайра өз ордуна дайындалбашы мүмкүн экенин кошумчалады.
"Ал жерге кесипкөй адамдарды карап көрүшүбүз керек. Башында эле бул маселеге каршы болчумун. Анткени бизде атайын квалификациялык талаптар жок экен, талаптар болуш керек", - деди Жамангулов.
Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук 24-октябрда чыгып, ал эмгек жамаат менен расмий түрдө тааныштырылган болчу.
Ырчы буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейине директор болуп дайындалган. Бирок көптөгөн талкуулардан жана сын-пикирлерден кийин кызматтан баш тарткан.
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрдук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
кошулду
Самара Каримованы окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылды


Жогору жактан директор сиз болдуңуз, деп 1 сааттан кийин сиз болбой калдыңыз дейт го ...
xaxaxaaaa kazanga but salgandai ele boldu daa, 27 jashtagy kyzdyn kolunan emne kelet yaa? kim any ugat? ishtei albai bolchu daa, kolunan kelgen ishti kyla bersin , jar jar aityp degendei.
Позор,позор,позор!!!
Ордун билбесе ошондой болот!!!
20 жашында эне сүтү оозунан кете электе Жантай чалды көрдү,анан ырдап калды,башка мамлекеттик эмне иш менен алек болду экен???
Эч бир нерсе Алланын чечимисиз ишке ашпайт.
buiruk jeisinbi kuiruk jeisinbi, dep koiot kyrgyzda, egerde alaa chechse anda baary sprovedlivo bolmok da, bul jerde ne sprovedlivo bolup ketken uchun SAMARA kuiruk jebei oturat, Asan akebiz ministirdin zamynyn konulun alyp,aaa tigi chon ministrin konulun albai koigon uchun ushundai ish bolup atpaiby, xaxaaaa, kulkuluu ele ish boluptur.