super.kg logo

Кызыл-Кыяда күйөө баласы балта менен чапкан кайнене каза болуп калды

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күйөө баласы балта менен чапкан кайнене каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, 62 жаштагы аял бир жума мурун каза болгон.

"Күйөө баласы балта менен чапкан кайнене алган жаракатынан улам көз жумду. Ал эми ал аялдын жолдошу учурда ооруканада, абалы туруктуу. Жакынкы арада үйүнө чыгарылат", - деди Рахматуллаев.

23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Шектүү 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мечиттердин биринде жашынып жүргөн жеринен кармалган. Жабырлануучулардын келининин айтымында, күйөө бала аялынын "ажырашам" деп айтканына өчөшүп ушул ишке барган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
05.11.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүүнүн фанатиги ,,эми түрмөдө сенин сүйүүңө жооп болот
05.11.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйдай сактасын баарыбызды ушул сыяктуу коркунучтуу балекеттерден! бара бара куйоо бала менен келинден корко турган заман болуп баратабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: