Москвада поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы жаран үйдүн жалгыз уулу болгон
Москва шаарында поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы Кыргыз жараны үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
"Каза болгон жарандын атасы кайтыш болуп калган экен. Апасы, эжелери болуп, Москва шаарына иштегени келишиптир. 5-ноябрь күнү жумуштан кеч чыгып, үйүнө бара жатып, темир жолдон өтүүчү жерден өтүп баратканда поезд сүйрөп кеткен. Учурда маркумдун сөөгү Москвадагы өлүк сактоочу жайлардын биринде турат. Анын жакындарынын сөөктү алып кетүүгө шарты жок болгондуктан, Москва шаарындагы Кыргыз коомчулугунан жардам берүүнү суранабыз", - деди Кошматов.
Эске салсак, 5-ноябрь күнү Москва шаарында Кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болгону айтылган.
Ошондой эле каза болгон жарандын унаа токтотуучу жайда иштегени белгилүү болгон.
кошулду
Москва шаарында поездге сүйрөлүп каза болгон жарандын сөөгүн алып келүүгө жардам керек болууда

Кыргыз коомчулук колдон келген жардамыбызды аябайлы 100 сом дон болсо да чогултуп берели оз эли оз жеринин топурагын жамынып жатсын бир боорубуз