super.kg logo

Кара-Сууда каналдан өлүгү табылган келиндин күйөөсү менен кайненеси суракка алынып жатат

 

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин күйөөсү жана кайненеси суракка алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Белгилүү болгондой, жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келин менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгон. Ал экөө акыркы 5 жылдан бери бирге түтүн булатып, эки балалуу болушкан.

"Келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында каналдан табылган. Маркумдун денесине алгачкы кароо жүргүзгөндө кыйноо белгилери жана адам тарабынан келтирилген зыяндын белгилери табылган эмес. Маркумдун коңшулары келин үйүнөн кеткен күнү үйүндөгүлөр менен урушуп, кийин 20 сом карызга сурап кеткенин билдиришкен. Ал эми кайненеси ал эч нерсе айтпастан 2 баласын үйгө калтырып чыгып кетип, кайтып келбей калганын билдирген. Учурда келиндин өлүмү боюнча анын кайненеси жана күйөөсү суракка алынууда. Эгер алардын келинди өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткиргени далилденсе, кылмыш иши козголот", - дейт Ашырбаев.

Маалыматка ылайык, келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга өз атасы билдирген.




кошулду





Кара-Суу районунда жашаган 21 жаштагы келиндин жансыз денеси каналдан табылды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
14.11.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Почти бир тууган турбайбы кантип дити барып уйлонуп жашайт.мына ушунусунан эле билсе болот кандай адамдар экенин.
14.11.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерде бут эле ушундай бир тууган ага-ини, эже-синдилер куда боло беришкен. Ошол учун майыптар коп туулат туугандарда.
15.11.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо 16 жашында эле берип койгон болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: