Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза болду. Анын жансыз денеси суу сактагычтын жанынан табылды
Баткен облусунун прокурорунун жансыз денеси суу сактагычтын жанынан табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын аймагынан табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болду.
Учурда бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда суракка алынууда. Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү жергиликтүү тургун экени айтылууда. Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.
кошулду
Баткен облусунун прокурору киши колдуу каза болду
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
1

Жаткандары жери жайлуу болсун!