super.kg logo

Ташкентте тарых мугалимин cабаган 14 мектеп окуучусу жазага тартылды

 

Ташкентте тарых мугалимин ур-токмокко алган 14 окуучу жазага тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Учтепин районундагы жалпы билим берүүчү №236-мектепте 27-октябрь күнү орун алган. Анда тарых сабагында мамлекеттик гимн ырдалып жаткан учурда 11-класстын окуучулары аны шылдыңдап башташкан. Ага мугалим бир нече жолу эскертүү берген, бирок окуучулар ага баш бербей, аны ур-токмокко алышкан. Натыйжада мугалим бир нече жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул окуя боюнча атайын комиссия дайындалып, мугалимди сабаган окуучуларды жазага тартуу чечими кабыл алынган.

"Мыйзамга ылайык, мектеп окуучуларына карата бир гана чара көрүлүшү керек. Биз алардын ата-энелерине айып пул салып же окуучуларды каттоого алуу менен аларды атайын жайга жөнөтө алабыз. Аларды абакка жиберүү үчүн балдар каттоого алынышы керек. Айып пул салуу өтө жеңил жаза болуп калат. Ошол себептен 14 окуучуну ички иштер органдарынын көзөмөлүндө атайын жайда кармоо чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.11.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эң туура чечим 15 күн кара жумушта иштетиш керек.
19.11.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кесип салыш керек илгери мугалимдер бизди урчу ата энебиз унчукпайт. Азыр эле суйлоп койсо жетип барып жумуштан айдатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: