super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Тез жардамдын" фельдшери жана аны сабады делген адам бири-биринин үстүнөн арыз жазышты"

 

Буга чейин "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов мас абалындагы адам "Тез жардам" кызматынын фельдшерин чакырууга барган кезде сабаганын жана милиция кызматы ал адамды коё берип жибергенин билдирген.

Окуя тууралуу маалымат алуу боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына байланышканыбызда, бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

"Милиция кызматкерлери тарабынан "Тез жардам" кызматынын фельдшери менен жарандын ортосунда пикир келишпестик болуп ал мушташка өткөнү аныкталды. Аталган факт боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп билдиришти башкармалыктан.

Ошондой эле фельдшер да, мас абалында аны сабады делген тургун да бири-биринин үстүнөн арыз жазгандыгын башкармалыктан кошумчалашты.

Буга чейин Шаяхметов милициянын нөөмөттөгү кызматкери "Тез жардамдын" диспетчерине чалып, алардын чакырылган дарекке кеч барганын, чыр-чатакты өздөрү чыгарганын айтып, күнөөлөгөнүн билдирген. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы: "Нөөмөттөгү кызматкер болгону абалды тактоо иретинде диспетчерге байланышкан, ак халатчандар чакырылган убакыт менен "Тез жардамдын" дарекке баргандагы убактысын айтып, кечирээк барышканын белгилеп койгон. Андан башка күнөөлөө болгон эмес", - деди.


кошулду





Бишкекте жардамга кечигип келген дарыгер сабалды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
20.11.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iras kilat emnege kechiget 1 saat 19 miutta kelinchegi olup kalsa emne bolot ele
SUPER.KG видео
21.11.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал байкушта эмне күнөө? Мамлекеттик абалын көрүп, билип туруп фельдшерди урган адамдын колу сынсын деп эле каргайм. Бир убакта 10 жерден чакыруу түшсө жетишпейт да. андай кыйын экен частныйга чалбайбы. Өлүп баратса такси деген неме бар любой жерге жеткирет. Билем алардын кечигип келерин, мен деле далай жолу күткөм. Кечиккенде баламды ооруканага алып баргам. Бала аларга эмес, мага керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: