super.kg logo

Москвада кардарын 8 саат күткөн кыргыз таксист: "Мага жаңы жумуш сунушталды деген маалымат тарады, бирок бул боюнча эч ким байланыша элек"

 

Москвада кардарын 8 саат күткөн таксист Кайрат Тентимишевге жаңы жумуш сунушталгандыгы тууралуу маалыматты орус басылмалары жазып чыгышкан. Анда орусиялык такси кызматын көрсөткөн компаниялардын бири ага жаңы жумуш сунуштап, акысыз автоунаа бере тургандыгы жазылган. Мындан сырткары 1 ай ичинде компания айдоочудан комиссиялык төлөм кармап калбай турганы айтылган.

SUPER.KG порталы Кайрат Тентимишев менен байланышканда, мындай маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Бул тууралуу интернет булактарынан окуп алып өзүм да таң калдым. Мага эч бир компаниядан жаңы жумуш орун сунуш кылышкан жок. Балким, айтылып жаткан компания эми байланышка чыгат же өзүнө упай топтоо үчүн пиар жасап жүргөн болушу мүмкүн", - деди Кайрат Тентимишев.

Буга чейин интернет колдонуучусу Варя Борцова социалдык тармактагы баракчасына баштыгын таксиде унутуп кеткенин, бирок андан 8 саат өткөндөн кийин да ал такси аны короодо күтүп турганын жазган.

Борцова чет элден Москва шаарына учуп келген. Үйүнө жетүү үчүн жолдон такси кармаган. Үйүнө кирип, бир аз уктап эс алган соң гана капчыгын таксиде унутуп калганын билген. Таксини көчөдөн кармагандыктан, ал кайсы такси кызматына тиешелүү экенин билбей калган. Капчыктын ичинде документтери, креддиттик карталар жана акчасы болгон.

Көп өтпөй терезеге жакын келген атасы үйдүн алдында бир такси турганын айткан. Борцова эшикке чыгып ал капчыгын унутуп калган таксист аны 8 сааттан бери таппай убара болуп жатканын билген. Аны менен сүйлөшүп ыраазычылыгын билдирген соң кыз ал Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жараны экенин угат.

Ошондой эле Борцова такси айдаган жигитке ыраазычылык катары акча бергенин кошумчалап, билдирүүнү жайлоонун сүрөтү менен толуктаган.


кошулду





Апта ичинде аты таанылган Москвадагы кыргыз таксист: “Кардарды 8 саат күттүм, талкуу болот деп ойлогон эмесмин”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
20.11.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Вообще тушунбодум.
20.11.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Темасына дал келбеген не деген нерсе бул
20.11.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тушунбосонор окубай койгула да)))
20.11.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эмнеси түшүнүксүз? Таксист кыргыз орус кыз кардарынын унутуп калган капчыгын бериш үчүн 8 саат күтүптүр иштебестен! Респект тууган! Алла ыраазычылыгы үчүн кылган болсун бул амалың
20.11.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тушунуктуу Кайрат гразапчик
20.11.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өтө соонун маладес чыныгы инсан экен
20.11.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Компаниянын машинасы менен иштесе жакшы эле калабы туугандар? Жооп берип койгулачы мен иштейин деген пландар бар
SUPER.KG видео
20.11.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах кабыл кылсын амалынды!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: