super.kg logo

Жалал-Абаддагы бала бакчада 3 жаштагы бала менен кызды урган тарбиячы үй камагына чыгарылды

 

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.

"Факт боюнча тарбиячы, аны видеого тарткан жардамчысы жана бала бакчанын жетекчиси суракка алынган. Өткөн аптада тарбиячынын баш коргоо чарасы каралып, ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Учурда иш тергөөдө", - деп билдиришти милициядан.

Бул окуядан кийин Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкери текшерүүгө алынмак болгон.

Эске салсак, 21-ноябрда интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.


кошулду





Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
23.11.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумуштан алып тим болбой соттош керек
SUPER.KG видео
23.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол себептен садикке беруунун кажети жок баланы. Мен эч кимге ишенбейм. Бироолорго урдуруп,соктуруп баланын психикасын бузгандан коро уйдо свободно жургону жакшы. Садиктердин баары бит... Озун уйротуп, таза, оорутпай уйдон караган жакшы.
27.11.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн жаман кабар сотош керек эле муну уй камагына чыкты дегени бул боштондук дегени.Озу ар бир садике видео камера орнотуш керек и ата энелер каалаган убакта коро алатурган кылып частный садиктерде баарында эле бар ото деле кымбат эмес.
27.11.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча таштады да прокурор-сотторго. Сокенин паракор соттору чекеден баары коррупционер. Соке оозу менен орок оргонду эле билет, бир жылда балээге да озгоруу болгон жок. Коррупция гулдоп эле жатат.

Кылмышка шектуулордун уй камагына чыгарылганы да ошондон. Эртен актап жиберсе тан калбагыла, бизде чындык, адилеттуулук жок олкодо. Акчалуулардын заманы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: