Дүйнөнүн эң таасирдүү 100 айымы аныкталды. Алардын арасында АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп дагы бар
Америкалык "Forbes" журналы 2018-жылдын эң таасирдүү 100 айымын аныктады. Журналдын тандоосуна ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель эң таасирдүү аталган.

Биринчи орунду алган Ангела Меркель 2017-жылы дагы эң таасирдүү айымдар арасындагы тизмеден биринчи орунду алган.

Андан кийинки саптан Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Франциянын эл аралык валюталар фондунун башчысы Кристин Лагард орун алган.

Таасирдүүлөрдүн 20-сабында АКШлык теле алып баруучу Опра Уинфри жайгашкан.

Ал эми 23-орунда Улуу Британиянын ханайымы Елизавета II жайгашса, 24-орунду АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы, кеңешчиси Иванка Трамп ээлеген.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

экен. Эми эмне кылабыз