super.kg logo
  Саясат  

Баткенде өзбек чек арачысы атып өлтүргөн Бакыт Тагаевдин туугандары Бишкекте митингге чыгышты

 
Митингге даярданышууда
Митингге Бакыт Тагаевдин жакындары келген
Өзбек чек арачыларынын колунан каза болгон кыргыз жаранынын туугандары тынч митинг өткөрүшүүдө
Митингчилер ушундай плакаттарды көтөрүп турушууда
Митингчилер ушундай плакаттарды көтөрүп турушууда
Митингчилер ушундай плакаттарды көтөрүп турушууда
Бакыт Тагаевдин артында калган уулдары
Өзбек чек арачыларынын колунан каза болгон кыргыз жаранынын туугандары тынч митинг өткөрүшүүдө
Митинг учурунда көзүнө жаш алгандар болду
Маркум Бакыт Тагаевдин артында калган уулдары
Өзбек чек арачыларынын колунан каза тапкан Бакыт Тагаевдин апасы нааразычылыгын билдирүүдө
Митингге Бакыт Тагаевдин жакындары келишкен
Митинг Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында өтүүдө
Бакыт Тагаевдин апасы Темиржан Тагаева
Митинг учурунда маркумду эстеп, көзүнө жаш алгандар болду
Маркум Бакыт Тагаевдин атасы
Укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов
Маркум Бакыт Тагаевдин эжеси көз жашын тыя албады
Өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон Бакыт Тагаевдин жубайы
Өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон Бакыт Тагаевдин улуу баласы

Бүгүн, 17-июлда Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 20-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда өзбек чек арачысынын колунан каза болгон Бакыт Тагаевдин туугандары митинг өткөрүшүүдө. Алар “Бакытбектин 5 уулунун убалы кимге?”, “Бакытбектин өлүмүнө ким жооп берет? Фашистпи же коркок мамлекетпи?”, “Убалдан коркпогон фашисттер!!!” сыяктуу сөздөр жазылган плакаттарды колдоруна кармап турушат. Бул факты боюнча күнөөлүүнү жазалоону талап кылышууда митингге чыккандар. Маркумдун апасы Темиржан Тагаеванын айтымында, кылмыш Кыргызстандын аймагында, чек арадан 1 чакырым бери жакта болгон. “Өзбек чек арачылары кантип Кыргызстандын аймагына кирип кетет?! Эмнеге ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарбайт? Артында 5 уулу калды, улуусу 16 жашта, кичүүсү 6 айлык алардын убалы кимге?”- дейт көзүнө жаш алган эне. Бул митингге Бакыт Тагаевдин атасы, апасы, жубайы, 5 баласы жана туугандары келген. Ал эми укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов төмөнкүлөрдү билдирди: “Маркумдун туугандары мени чакырганынан Кадамжайга баргам. Булардын абалы өтө оор, себеби жалгыз багуучусунан айрылып отурушат. Ал эми аскердик прокуратура бул кылмыш ишин кыскартууда, башкача айтканда, өзбек тарапты коргоп жатышат. Бирок бул окуяга күбө болгондор да бар. Өзбекстан болсо кылмыш иши чек арада болгондугун айтууда. Бул туура эмес, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Митингге "бул ишке ким жооп берет, мамлекетпи же Өзбекстанбы” деген суроого жооп издөө үчүн чыктык”. Белгилей кетсек, 20-июнда болжол менен саат 00:15те Өзбекстандын чек арачылары Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевди 3 жолу атып өлтүрүшкөн. 






Өзбек чек арачысы атып өлтүргөн Бакыт Тагаевдин туугандары митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: