super.kg logo

Интернетте Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады

 

Интернетте Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады. Ал жогорку кызматта иштегендерге нааразычылыгын билдирип, андан соң Ак Үйгө түкүргөн.

"Мамлекет башчыларыбыз чыгарган мыйзамдар Кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат. Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына", - деп ал Ак Үйгө түкүрүп салды.

Жаран капчыгынан 5 500 сом алып чыгып "айып пулуңарды алып кеткиле" деди. "Жегич, сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбеген адамдардын бетине көптөн бери түкүргүм келип жүргөн. Ошондой мүмкүнчүлүк келди", - дейт ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматы жарандын кылган аракети боюнча юридикалык баа бериле турганын маалымдады.

Эске салсак, 1-январда эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.


кошулду





Бишкекте жигит Ак Үйгө түкүрдү

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(32)
07.01.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Молодец!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: