"Футболка кийип келдиң" деп депутаттар сындаган Тынысов: "Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Барарымды алдын ала билсем андай кийим менен бармак эмесмин"




Кечээ, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Өз кезинде Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты", - деп түшүндүрдү.
Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш базар эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин Тынысов жыйындан чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы бул абал боюнча Талантбек Тынысовдун өзүнүн пикирин сурады: "Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым, бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - дейт.
Ошондой эле ал жыйындан кийин журналисттер бул учурду таратып, коомчулуктун талкуусуна түшөт деп ойлобогонун кошумчалап, жетекчиси тарабынан ага карата эч кандай нааразычылык жок экенин белгиледи.
Депутат Токторов менен Бакировдун өкмөт өкүлүнө карата жасалган бул мамилеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынды. Пикирлердин арасында көпчүлүктүн көзүнчө адамдын кийими тууралуу айтып, сынга алуу туура эмес дегендер басымдуу. Айрымдар бул көрүнүштү Тынысовду кемсинтүү катары кабыл алышууда. Жыйында "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Тынысов Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери тууралуу маалымат бере баштаганда эле сөзү кесилип, жыйындан чыгарылган болчу. Мындан улам коомчулук депутаттар алардын ишине эмес, кийимине көбүрөөк маани берди деп сыпаттоодо.
кошулду
Жогорку Кеңешке келген өкмөт өкүлү “футболка кийип келдиң” деп жыйындан чыгарылды

Ал жерге барып унутуп калган окшойсун кайдан келгенинди я
Кийим менен чечилбейтго түшүнбөйсүн буларды бир маселе чечип карыздардан кутулунун жолун ойлошсо болот кайсыл жекрден акча чыкса жей калайын дебей уят уят уят
Ошол жерге келе тургандардын катарында жок экенсиз деп тим эле...
Жок болсо ошол кишинин б...н жегени киргизип отургузуп суроо берип отурасынарбы? Суроо бергенден кийин жообун укпайсынарбы? Жообу буларды кызыктырган дагы жок да. Кечирим сурагыла не медленно!!! Ошол кишиге окшогон карапайым элдер талап кылабыз, кечирим сурагыла!!!
Элин Рамзан Кадыров кастюм, шым кийип, галстук тагынбай эле көтөрүп жатат
Эми бул биздин депутаттардын деңгээли ошончолук, андан ашыкча ойлоно алышпайт. Жогорку Кеңешке келесиңби кычыраган машина менен, кычыраган кийим кийип келишиң керек деп ойлошот. А мээң иштейби, колуңан бирдемке келеби иштери жок. Сырты жылтырак, ичи кылтырактар чогулуп алышкан. Ал жылтырактын бары элдин эсебинен келген, жеп, тоноп
Мындайларды:"Атын чыкпаса, жер ортто"- деп койчу беле???