super.kg logo

"Футболка кийип келдиң" деп депутаттар сындаган Тынысов: "Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Барарымды алдын ала билсем андай кийим менен бармак эмесмин"

 
Депутат Алмазбек Токторов
Депутат Мирлан Бакиров

Кечээ, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Өз кезинде Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты", - деп түшүндүрдү.

Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш базар эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин Тынысов жыйындан чыгып кеткен болчу.

SUPER.KG порталы бул абал боюнча Талантбек Тынысовдун өзүнүн пикирин сурады: "Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым, бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - дейт.

Ошондой эле ал жыйындан кийин журналисттер бул учурду таратып, коомчулуктун талкуусуна түшөт деп ойлобогонун кошумчалап, жетекчиси тарабынан ага карата эч кандай нааразычылык жок экенин белгиледи.

Депутат Токторов менен Бакировдун өкмөт өкүлүнө карата жасалган бул мамилеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынды. Пикирлердин арасында көпчүлүктүн көзүнчө адамдын кийими тууралуу айтып, сынга алуу туура эмес дегендер басымдуу. Айрымдар бул көрүнүштү Тынысовду кемсинтүү катары кабыл алышууда. Жыйында "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Тынысов Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери тууралуу маалымат бере баштаганда эле сөзү кесилип, жыйындан чыгарылган болчу. Мындан улам коомчулук депутаттар алардын ишине эмес, кийимине көбүрөөк маани берди деп сыпаттоодо.


кошулду





Жогорку Кеңешке келген өкмөт өкүлү “футболка кийип келдиң” деп жыйындан чыгарылды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(57)
SUPER.KG видео
16.01.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Чык эшике" деп айтыш керек болчу да...
SUPER.KG видео
16.01.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан башка баары "идеально" болгонсуп кара буларды!!!
Медиа-портал
16.01.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
жогорку кеңеште отургандар кастюм кийишип, тышы жалтырак ичи калтырактарда баары...
SUPER.KG видео
17.01.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан эле базарчылар анан бир болум башчыны байкадым силерчи?
17.01.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өздөрү жылуу жерде жыргап костюм кийип отура берет. Бул байке суук кабинетте иштейт окшойтда.
17.01.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Силерге окшоп коррупционер эместир, болгон кийими менен келгендир эптеп айлыка айлык жашап аткандыр Ким билет?
17.01.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Футболка кийеби , кастюм кийеби созун уксанар болмок
17.01.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баана(причина)таппай турушкан,анан кийимиге асылышкан ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 10:06:30
17.01.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ак эмгеги менен жашаган адамдай корунду бекер кылдынар кууп чыгып киймине эмес ишине караганды уйронгуло киймине карап иш кылышат экен да ушу кылыгынар озунорго айланып тийбесе болду
17.01.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
zhykyo,мен да кошулам ото жонокой киши экен бирок депуттар туура эмем кылды .
17.01.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratmipa,Тышы жалтырак,ичи калтырак деп ушул койрон,ХХХХ окшош депутуттарды айтат.Чечилбей жаткан маселе коп,а силен керт башынардын кызыкчылыгын ойлоп,чупурокту соз кылып отурасынар.Атамдай болгон киши экен,ото кызыкча болдум((((
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 16:13:02
SUPER.KG видео
17.01.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кандай кийинсе дагы өз ишин так аткарса болду да.
SUPER.KG видео
17.01.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күйдүрүшөт, күйдүргүлөр. Жүрүм-турум кийим кечектен биринчи өздөрүн түзөп алышсынчы, кишини сүйлөтпөй, ошол жерге чейин алып келип алып чыгарып жиберишкенин, кийимине сын айтканын баатырчылык көргөн ушунчалык пас адамдар жогорку кеңеште отурганы... жеткен көңдөйлүк
17.01.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чондор ушинтип кийимге карап мамиле кылышса, бизге окшогон карапайым элди тоготуп койбогону да ушудан...
17.01.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жолдошум костьюм шым,галстук тагынып госуд.садике баламы бергени барса шапка сурабай эле алабыз дешип эртеси куну жолдошумдун такси айдаганын коруп калып садике албай койгон. Кийинип барса чон иште иштейт деп ойлосо керек эле
17.01.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне ак койнок кийип, галстук байлап алса озгочо болобу депутат депутат дейсинер баарыбыз кепинге оролобуз
SUPER.KG видео
17.01.2019. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийим менен маселени чечсенер силер чечет эленер го
17.01.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бакиров адам эмес экенсин значить сен үчүн базарда иштегендер адам катарында эмес экен да а?Костюм шым кийип келип нени кыйраттың беркиси Алмаз Сатиевич дейби жей берип мойну буканын мойнундай болуп галтсугу үзүлгөнү калыптыр го.Элдин эсебинен жеп ичип көөп атасыңар шишиңер жарылган күн да келээр,ашказаныңарга аш эмес тозоктун отун жеп атканыңарды билбейсиңер .Элиңди кыйнаганың аз келгенсип адамдын кийимине асылба сенден инсан катары суранам!
17.01.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Урматту Талантбек Тынысов сиз тигилерге караганда миң эсе өйдө турасыз,проблема кийимде эмес проблема адамдын тарбиясында пейилинде.Эч качан уялбаңыз эл сиз менен ,тигилер дөөпөрөстүгүнөн уялсын.Сиздин ордуңузга атамы,агамы коюп көрдүм өтө жүрөк оорутаарлык мамиле жасашкан ,өзүнүн баласындай эле депутат чоң кишини тургузуп алып жыйындан чыгарып салганы өтө одоно көрүнүш.
SUPER.KG видео
17.01.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээ кайран кыргыз жон эле койбойбу
17.01.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
иииий эле дейсинде ушу жаман свитердин ичинде аппак журок бар дебейсизби
17.01.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Админ банга айдамай жок э,көп нерсе жазгым келди бирок бирок деген жери бар да.
17.01.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nevestkaa,сени маанисиз жазганын учун окурмандар Банга киргизишти бир жума жазбай тур !
17.01.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
ЖК га келишини билбей эле келип алганго, токойго баратургансып.
17.01.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ЖКга залына капыстан биринчи жолу кирген киши экен,эми көйнөгү жок болсо уяткарбай кийимине асылбай жанына барып түшүндүрүп койсо болот эле го.ЖКга көйнөгү жок кирген ошол жерде иштеген депутаттардын көйнөгүн карагыла.Чооң эле кишини тургузуп алып кийимине асылып кемсинтбей.Тиги олтурган депутат жана Мирлан Бакиров элдин көзүнчө кечирим сурасын ошол кишиден.
17.01.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Депжутарлар силерге окшоп бироонун ак эмгегин тоноп бизнестерин тартып алып анан галустук кийгенче фудболкачан болсо да ак эмгек менен тапканга кийинген жакшы 120 депутат эмнени кыйраттынар барып кечирим сурагыла бироону кемсинткен учун
17.01.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оздорун билип албайбы бироонун кий
имине асылбай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: