super.kg logo

"Ош базарындагы" төртүнчү өрт кырсыгынан жабыркагандардын чыгымдары качан эсептелип бүтөрү белгисиз

 

"Ош базарындагы" төртүнчү өрт кырсыгынан жабыркагандардын чыгымдары качан эсептелип бүтөрү белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акимчилигинен билдиришти.

"Ош базарындагы" акыркы катталган өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдар эсептелип бүтө элек. Акимчилик тарабынан өрт чыккан жердеги ишкана менен келишим түзүп иштеп келген 21 соодагердин документтери өткөрүлүп берилген. Орто эсеп менен келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомду түзгөн. Чыгымдар качан эсептелинип бүтөрү жана кандай жардам көрсөтүлөрү азырынча белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода оруну толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: