Сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар тартууланат... "Манас" театры Ноорузга даярданууда
Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында 20-21-март күндөрү Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өтөт.Бул тууралуу аталган театр маалымат таратып, каалоочуларды иш-чарага катышууга чакырды.
Бул күндөрү ал жерде улуттук оюндар көрсөтүлүп, манас айтылат. Ошондой эле саамалык акындардын айтышы менен коштолот. Иш-чаранын алкагында сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар тартууланат.
Ал эми 21-март күнү саат 12:00дө театр сахнасында "Тайтору" спектакли коюлат.
"Нооруз майрамын биз менен бирге тосуп, улуттук маданияттын кереметине күбө болуңуздар. Кирүү акысыз",- деп билдирди мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















