Депутат жаңы кодекстердеги айып пул кайсы эсептик көрсөткүч менен коюлганын сурады
Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев жаңы кодекстердеги айып пул кайсы эсептик көрсөткүч менен коюлганын сурады.
“Айып пулдар боюнча коомчулукта кызуу талкууланып жатат. 5500 сом айып пул кайдан алынды? Жашоо деңгээлин, айлык акыны баары билет. Мында эч кандай логика жок. Эмнеге айып пул 5500 сом деп коюлганы табышмак болуп турат”, - дейт депутат.
Эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Ашуралиева эсептик көрсөткүч 100 сом бойдон калганын, бирок айып пулдар категорияга карап бөлүнө турганын билдирди. “Ар бир кодексте айып пулдардын, жазанын ырааты бар, ал боюнча эсептесе болот. Айып пул жоруктардын түрүнө карап көтөрүлүп кете берет. Жоруктар эң аз айып пул менен белгиленген. Ошондуктан логика бар. Мурда деле айып пулду иштеп чыкканда эч качан маянага байлаган эмес”, - деди Ашуралиева.
Учурда жыйында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.
Депутат: “5500 сом деген айып пулду кантип эсептеп чыктыңар?“

