super.kg logo

Бишкектеги "Караван" соода борборунан айына ишкерлерден түшкөн ижара акы 5-6 миллион сом, анын 30 пайызы мамлекеттик бюджетке берилет

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Анда акциялардын мамлекеттик контролдук пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселе каралууда.

Талкуу учурунда депутат Кожобек Рыспаев Бишкектеги "Караван" соода борборунда ишкерлерге арналган канча орун бар экенин сурады.

"Аталган соода борборунда орундуктар ижарага берилет. Андан айына канча каражат түшөт. Анын канчасын мамлекеттик бюджетке бересиңер да, канчасын өзүңөр алып каласыңар?" - деген собол салды эл өкүлү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Түлебердиев "Караван" соода борборунда ишкерлерге арналган 216 орун бар экенин айтты.

"Жалпы орундуктар үчүн ишкерлерден алынган ижара акысы айына 5-6 миллион сомду түзөт. Анын 30 пайызын мамлекеттик бюджетке беребиз. 70 пайызы фонддун эсебине калат", - деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдики ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: