super.kg logo

Жалал-Абадда балдарга кол көтөргөн бала бакчанын тарбиячысы үч жылга шарттуу кесилди

 

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячы 3 жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук сотунун 4-февралда чыгарган өкүмүнүн негизинде тарбиячы И.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси "бейбаштык" боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилди. Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 10 миң сомдук моралдык зыян өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу келген эмес.

Эске салсак, 21-ноябрда интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.






Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
23.11.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумуштан алып тим болбой соттош керек
SUPER.KG видео
23.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол себептен садикке беруунун кажети жок баланы. Мен эч кимге ишенбейм. Бироолорго урдуруп,соктуруп баланын психикасын бузгандан коро уйдо свободно жургону жакшы. Садиктердин баары бит... Озун уйротуп, таза, оорутпай уйдон караган жакшы.
06.02.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коммент жазгандар вшул аялдын оордунда силердин апанар болуп калса не кылмаксынар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: