21-мартта жаңы Бишкек-Алматы аба каттамы ачылат
21-мартта казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы Бишкек-Алматы каттамын баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги маалымдады.
Белгилүү болгондой, учуу убактысы 30 мүнөттү түзгөн Бишкек-Алматы каттамы жумасына эки жолу учат.
"Ушул жылдын 21-мартында Казакстандын регионалдык Qazaq Air компаниясынын Бишкек-Алматы багыты боюнча алгачкы каттамы ишке ашат. Андан ары учуулар жумасына 2 жолу жүргүзүлүп турат. Билет баасы бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу убактысы 30 мүнөткө созулат.
Мындан сырткары апрель айынан тартып Ош-Алматы аба каттамы да ишке киргизилет", - деп айтылат маалыматта.
Эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова SUPER.KG`ге аталган маалыматты тастыктап, буга чейин кыргыз-казак аба каттамдарын Air Astana компаниясы ишке ашырып келгенин белгиледи.
"Ушул күнгө чейин Казакстандын Алматы жана Астана шаарларына учуулар аткарылчу. Апрель айынан тарта Ош-Алматы каттамы ачылат. Өткөн жылдын жай айларында Qazaq Air компаниясы Тамчы-Алматы багыты боюнча бир нече каттамды ишке ашырган. Туристтик сезон башталгандан кийин аталган каттам бул жылы да жанданышы мүмкүн", - деди Курбанова.









1 |