super.kg logo

Ак-Сай айылынын тургуну: "Чек арада дагы бир Кыргыз жараны октон жаракат алды"

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан дагы бир Кыргыз жараны октон жаракат алды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге чыр орун алып жаткан Ак-Сай айылынын тургуну кабарлады.

Маалым болгондой, атылган ок тургундун колуна тийген. Учурда Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына алып келди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова октон жаракат алган жарандын абалы туруктуу экенин, учурда дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.

Буга чейин Баткен РИИБинин кызматкери атылган октон жаракат алып, ооруканада операция жасалган.

Мамлекеттик чек ара кызматы саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кеткенин, Ак-Сай айылынын Бакай аймагында чогулгандардын бири-бирине таш ыргытуусунан бир адам жаракат алганын билдирген болчу.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.03.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран элбиз. Кайран эл. Бок курсак чиновниктер эч нерсе чече алышпайт
14.03.2019. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ташиев кеткен бойдон дайыны жокко жээ жете элекби дагы деле
14.03.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ulik-real,Ошто самса жеп отурат.
14.03.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tolkun555,эмне кордунбу жээ чогу жединерби)
14.03.2019. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажиктен бирөө өлдү дейт го, 20 жарадар дейт
14.03.2019. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oscar,өздөрү баштаган алар мүмкүн өздөрүнүн эле огунан өлгөндүр
15.03.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара бир гана сүйлөшүү жолу менен чечиле турган маселе. Мурунку бийликтин катасын азыркы президент эч убакта кайталабайт деген ойдомун. Анткени президент деле артына жаман кеп эрчиттирбей турганын жакшы түшүнөт. Президенттер чечет деген ойдомун. Атамбаев алты жылын Баткен элени бир жакшылык кылса жакшы болмок.
Erik2018 түзөттү 2019-03-15 09:48:48
15.03.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек арадагы чатакты чыр менен эмес, дипломатиянын жолу менен чечуу керек. Сабыр кылалы. Элибизде тынчтык болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: