super.kg logo

Кылычбек Султан адилеттүүлүктүн жеңиши менен Сооронбай Жээнбековду да куттуктады

 

Бүгүн, 19-мартта Биринчи Май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын "Супер-Инфого" карата чыгарган токтомун жокко чыгарды. Сот Каржы полициясынын "Супер-Инфого" карата аракеттерин мыйзамсыз деп тапты. Буга чейин аталган гезитке карата басым жасалып жаткандыгын бир катар саясатчылар, партиялар жана партия лидерлери, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары айтып чыгышкан.

Кылычбек Султан Гезиттин жетекчилиги суракка чакырылгандан тартып соттук процесс аяктаганга чейин ага активдүү катышып жүргөн мурдагы элчи Кылычбек Султан соттун чечими "Супер-Инфонун" гана эмес, адилеттүүлүктүн жеңиши деп атады.

"Бүгүнкү соттун чечимин айрымдар "Супер-Инфонун" жеңиши деп жатышат, бирок мен буга кошула албайт элем. Бул - адилеттүүлүктүн жеңиши! Анткени адилеттүүлүк "Супер-Инфо" менен гана чектелип кала турган нерсе эмес, ал биздин коомубузга, адамзатка, кыргыз коомчулугуна керек.

"Бүгүн жасаган ишиң эртең өз башыңа муш" дегендей, бүгүн адилетсиздик орун алса, эртең ал сөзсүз өз кесепетин бермек. Адилеттүүлүк бар жерде ынтымак жана өнүгүү бар.

Сот Абдразак Боронбаев

Негизи бул адилеттүүлүккө оңой менен жетишкен жокпуз. Ошондуктан коомдук активисттерге, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына, КСДП партиясына, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Калыс Боромбаев, Мирбек Айтикеев, Жанар Акаев жана башка адилеттүүлүк үчүн кошо күрөшкөн жарандарга ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кошкон салымы болду, аларга да ыраазычылык билдиргим келет.

жактоочу Таалайгүл ТоктакуноваБул күрөштө негизги фигуралар болгон сот Абдразак Боронбаевге, жактоочу Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык айтам. Жактоочу айыптоонун адилетсиздигин юридикалык жактан далилдеп берди. Жогоруда айтылган инсандарды, партияларды, ЖМКнын өкүлдөрүн, сотту, жактоочуну жана Сооронбай Жээнбековду да адилеттүлүктүн жеңиши менен куттуктагым келет.

Адилетсиз иш кылгандар эртеби же кечпи ал адилетсиздиктеринин азабын тартаарын жакынкы Кыргыз тарыхы жана дүйнө тарыхы далилдеп келе жатат", - деди Кылычбек Султан.


кошулду





Кылычбек Султан адилеттүүлүктүн жеңиши менен Сооронбай Жээнбековду да куттуктады

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
19.03.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Куттуктайм Супер Инфо.Ишинер илгерилей берсин!Окурмандарынар 1000000 го жетсин!
19.03.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул кезектеги дагы бир оюн да адилеттуулук бар экенин супер инфо аркылуу элге билгизип койолу деген.Болбогон иш учун иш козгоп кайра актап койду.Канчалаган жарандарыбыз адилетсиздиктин азабын тартып журушот.
19.03.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Калыс Боромбаев, Мирбек Айтикеев, Жанар Акаев" жаллаң американын адамдарыго((.
Жеенбековтун уят-намыс, ыйманы жок экен, өткөнкү гейлердин митингдин колдоп жүргөнүнө караганына.
19.03.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эки Жээнбековго бир эле кошомат суйлогон адамдар эмес, сын айткан адамдар да керек. Озгочо Асылбек Жээнбековтун ээрчиме парламенти эч нерсе жарытпай калды
19.03.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Финпол текшергенде сразу эле Президентти жамандап чыктынар анын башка кыларга иши жок болгонсуп, мына сот адилеттүү чечим чыгарды баары жакшы болду ийгилик каалайм супер инфо.
20.03.2019. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alixan-Nookat.2015, туура айтасые
19.03.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Откондогу Жээнбековтун тозок менен бейиш жонундо айтып берген жомогун угуп алып кулкум келди. Динчил президенттин кимге кереги бар. Арабтардын диний жомокторун Соке озу учун кабыл албайбы, ар кайсы жерде барып реклама кыла бербей.
20.03.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
yrmat88, чоң жинди манастын кулдары теңирбектер 15-20 штук болуп алып 4.5 млн мусулмандарга ичиңер күйуп асылганыңарды токтотподуңарда. Бир шакалдын тезеги бир көлдү булгай албайт унутпагыла ушуну))).
20.03.2019. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартова митинг чыккан жерге эле бара беришеби деген ой келди)))) орусча бир соз бар го "я за любой кипиш, кроме голодовки" деген. Алардын позициясы ушундай окшойт))) бир карасан гей парадда журушот транстар менен чогуу. Бир карасан Суперчилер менен. Эми кимдин очереди болду экен митингге чыкканга. Экооно унутпай айтып чакырып коюшсун.)))
20.03.2019. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир аз козгоп койоюн деди да суперди. Кайра ойлонуп келип келип гезит менен эсептешемби деп токтошту. Артында ким турат белгилүү
20.03.2019. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соттун чечимин кутуп турбайт беленер,акыркы кезде президентти жамандап жазып атпадынар беле.Эми мактайсынар.
20.03.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен айткааам.... Бададан мурда чаң чыгарбай тургула деп. .....
20.03.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми мактай баштайсынар
20.03.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Skarlett-Skarlett,эки жуздуу болуп баратышат ,кечээ эле шывап атышкан президентти
20.03.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылычбек Султан баштаптыр эми эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: