super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Лионель Месси "Барселонаны" жарым финалга алып чыкса, Криштиану Роналду "Ювентуска" жеңиш тартуулай алган жок

 

17-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алып, жарым финалга чыккан алгачкы 2 команда аныкталды. Бул күнү "Барселона" клубу "Манчестер Юнайтедди" кабыл алса, "Аякс" клубу "Ювентуска" конокко барды. Командалар алгачкы беттешин 11-апрелде ойногон. Анда "Ювентус" конокто Аякс менен тең чыкса, "Манчестер Юнайтед" өз талаасында "Барселонадан" жеңилип калган.

"Барселона"-"Манчестер Юнайтед"

Беттеш Каталониянын борбор шаарында жайгашкан "Камп Ноу" стадионунда орун алды. Алгачкы беттеште 1:0 эсебинде жеңилип калган "Манчестер Юнайтедге" кийинки этапка өтүү үчүн жеңиш гана керек эле. Бирок "Барселона" клубу конокторго андай мүмкүнчүлүктү берген жок. Оюндун башында англиялык клуб активдүүлүгүн көрсөтүп, алгачкы мүнөттө эле кооптуу чабуул жасаганга жетишти. Бирок Маркус Решфорддун соккусу дарбаза мамысына тийип калды. Кийинки 10 мүнөттө оюндун багыты түп тамыры менен өзгөрүп, каталондук клуб талаанын ар бир бөлүгүнө өз көзөмөлүн орнотту.

16-мүнөттө оюнду өз колуна алган Лионель Месси өзү уюштурган чабуулду жыйынтыктап, эсеп санын ачты. Коргоочулардан биринчи болуп топко жеткен Месси айып аянтчасынын сызыгынан тепкен тобу таамай болуп, Давид де Хеанын дарбазасынан орун алды. 4 мүнөт өткөндөн кийин "Барселонанын" лидери кайрадан гол жаратты. Бул ирет Мессиге де Хеа жардам берди. Узатылган сокку анча күчтүү эмес болгонуна карабай, дарбазачы топту колунан чыгарып жиберди. Оюндун алгачкы бөлүгү 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, талаа ээлери жарым финалга чыгууга дагы бир кадам жакындады. Анткени "Манчестер Юнайтед" клубу кийинки баскычка чыгуу үчүн кийинки 45 мүнөттө 4 гол жаратышы керек эле.

2-бөлүктө коноктор жок дегенде бир гол жаратуу үчүн колунан келишинче аракет кылышты. Анткени менен талаа ээлери чабуулдагы койгон максаты толук аткарылгандыктан, коргонууга мыкты көңүл буруп, Марк-Андре тер Штегендин дарбазасына эч кимди жолотушкан жок. 60-мүнөттө талаа ээлери ылдам чабуулга чыгып, бул ирет Фелиппе Коутиньо алыстан гол жаратып, гол айырмачылыгын ири эсепке жеткирди. Жыйынтыгында 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан "Манчестер Юнайтед" мелдешти таштап кетти. Ал эми "Барселона" жарым финалда "Порту"-"Ливерпуль" беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

"Ювентус"-"Аякс"

"Ювентус"-"Аякс" беттеши Турин шаарында өттү. Көпчүлүк күйөрмандар "Аякстын" "Реал Мадридди" жеңип чейрек финалга чыкканын кокустук катары баалап, "Ювентусту" фаворит катары көрүп жатышкан. Бирок иш жүзүндө 70-жылдардагы легендарлуу "Аякстын" кайтып келгени далилденди.

Беттеш "Ювентус" үчүн жакшы башталган. Оюндун жүрүшүн өз колуна алган талаа ээлери 28-мүнөттө Криштиану Роналдунун жардамы менен эсеп санын ачышты. Бурчтан чыгарылган топту Роналду башы менен таамай багыттап өз командасын алдыга алып чыкты. Алгачкы голдон кийин эч нерседен коркпогон коноктор чабуулга өтүштү. Арты артынан уюштурулган чабуул 34-мүнөттө өз жемишин берди. Алыстан узатылган сокку коргоочулардын бутуна тийип, жарым коргоочу Донни ван де Бекке келип, ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Алгачкы 45 мүнөт 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталып, оюнчулар эс алууга кетишти.

Беттештин 2-бөлүгүнүн орто ченинде күтүлбөгөн окуя орун алды. Талаа ээлери алдыга чыгуу үчүн бир топ чабуулдарды уюштуруп жатканы менен коноктор кайрадан гол жаратышты. "Аякс" бурчтан чыгарууну аткарып, бул ирет коргоочу Маттейс де Лигт баарынан бийик секирип, топту дарбазага багыттады. Жакын аралыктан узатылган соккуну дарбазачы Войцех Щенсный тосуп кала алган жок. Оюндун калган бөлүгүндө талаа ээлери болгон күчүн жумшап, чабуулга өтүштү. Бирок жаш жана ылдам футболчулардан куралган "Аякстын" оюнчулары коргонууда да мыкты экендигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында бул жылдагы Чемпиондор Лигасынын фавориттеринин бири "Ювентус" клубу өз талаасында жеңилүү ызасын тартып, мелдештин чейрек финалынан ары өтө алган жок. "Аякс" клубу жарым финалда "Манчестер Сити"-"Тоттенхэм" беттешинин жеңүүчүсүнө каршы ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(16)
17.04.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Месси мыктынын мыктысы экенин далилдеди
17.04.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роналду женилседа аны колдойм, ал колдон келишинче ойноду бир гол киргизди, бирок жанындагылар жакшы жардам бере алган жок. Марселлону эртерээк сатып алыш керек Ювентуска Роналдуга шерик болот.
17.04.2019. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аякс тушту бизге деп суйунуп атышты эле,жаман шермендесин чыгарып отуп кетти го Роналдусун кошуп
17.04.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84,Былтыры Рома Мессини кошуп шемендесини чыгарып отуп кеткендейби
17.04.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,сен ушу откондорду унутуп койгонун жаман да
17.04.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аякс через-чур катуу ойноп коюшту
17.04.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аякс мындай ойносо либой команданы женет
17.04.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эч сүйүнбөй эле койгула Барселона чемпиондукка жете албайт
17.04.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
##Оюндун алгачкы бөлүгү 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, талаа ээлери жарым финалга чыгууга дагы бир кадам жакындады. Анткени "Манчестер Юнайтед" клубу кийинки баскычка чыгуу үчүн кийинки 45 мүнөттө 4 гол жаратышы керек эле##

3 гол жетиштуу болмок автор.
17.04.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aiba-889290,3:0 менен утулуп жатпайбы
17.04.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiba-889290,туура эле жазылган, торт гол киргизиш керек эле, себеби барса конокто бир гол урган ал эки голго эсептелет.
18.04.2019. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qwerty33,биринчи таймда 2:0 менен аяктаганда,Юнайтед сонку 45 минутада жоопсуз 3 гол(жалпы эсеп 3:3 болуп.Юнайтед конокто гол киргизет) киргизсе жетишке жетишмек.Бул жерде Коутинионун голуна чейинки нерсе жазылып атат.
17.04.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Плюс, минустарга караганда Кыргызстанда Роналдунун күйөрмандары көп экен
17.04.2019. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maxatbek,туура айтасын Роналдунун күчүктөрү да ювентуска өттү эле эми ал жакка ээрчип келишиптир
18.04.2019. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси деген Месси да баарынан мыкты оюнчу
Boha1 түзөттү 2019-04-18 10:34:15
19.04.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monok2001, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: