super.kg logo

Коомдук талкуунун катышуучусу: "Уран кенин казууга каршы өткөн митингге бир дагы депутат келбей, Матраимовдордун тоюна барышты"

 

"Уран кенин казууга каршы өткөн митингге бир дагы депутат келбей, Матраимовдордун тоюнда канчалаган эл өкүлдөрү жүрдү", - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан коомдук талкуунун катышуучусу Данияр Акматов билдирди.

Ал депутаттар митингге чыккандарды колдобой койгонуна нааразы болду. "Уран кени казылып жатат деген маалыматтын бизге жеткенине бир жарым ай болду. Негизи уран кени изилденип баштаганына бир жарым жыл болуптур. Өкмөт башчы, эл өкүлдөрү ушул убакытка чейин каякты карап отурду? Эгерде эл ызылдап чыкпаса, уран бизди уулантмак экен да. Өткөндө 30-апрелде чоң митинг өттү. Ошондо бир дагы депутат келбей, Матраимовдордун тоюна барышты. Эмне үчүн бир дагы депутат бизди колдоп чыккан жок? Бул жерде Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов агабыз отурат. Жогорку Кеңеште ага окшогон бир-эки депутат бар, атын атабай эле коёлу. Ошол кишилер жоопко тартылсын", - дейт ал.

Учурда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.05.2019. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойдо май жейт, арак ичишет, саунага барышат. Уран кени олуп кетпейби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: