super.kg logo

Жылдыздар кийилбеген кийимдерин эмне кылышат? Алардын кийимин сатып алат белеңиз?

 

Элдин назарын буруп келген ырчылардын кийингени дайыма кызыгууну жаратат. Социалдык тармактан алардын улам жаңы кийимди кийип, ал тургай жарнамалап жүргөндөрүнө дагы күбө болуп келебиз. "Ырчылар анчалык көп кийимдин баарын кийгенге үлгүрөбү? Бир кийимди канча жолу киет? Кийилбеген кийимдерин эмне кылат?" деген окурмандардын суроосуна жооп издеп көрдүк.

Чолпон Талипбек, ырчы: "Кийимдеримдин көбүн эгиз сиңдилериме берем"

"Жаңы кийим алганда эле эгиз сиңдилерим Мадина менен Медина "муну мен кием" деп алдын ала эле "брондоп" коёт. Бир-эки жолу кийгенден кийин сиңдилериме берем. Андан көп жолу деле кие албайбыз. Анткени окурмандар "башка кийимиң жокпу" деп дароо сынга алып баштайт. Ошондуктан гардеробдогу кийимдерди бат-баттан жаңыртып турам. Ал эми атайын тигилген кече көйнөктөрүн кайрымдуулук үчүн сатам. Тактап айтканда, көйнөктөрдү сатып, топтолгон каражаттарды жардамга муктаж адамдарга берем. Аксессуарларымды, бут кийимдеримди сиңдилерим тандап алышат. Калганын жеңелериме, эжелериме берем. Айрым учурда чогултуп, айылдагы туугандарыбызга салып жиберем".

Дайыр Исмадияров, ырчы: "Жаңы кийим алсам, өкүл балдарым "эртерээк батпай калсын" деп "бата" беришет"

"Чыгармачыл адам болгондон кийин кийимдерим көчөгө жана сахнага кийчү деп экиге бөлүнөт. Көчө кийимдеримди бир сезон кием, кээде андан деле көп кием. Өзүмө жаккан футболкам бар. Эсептесем 2006-жылдан бери кийип жүрүптүрмүн. Инстаграмда байлар же кийими көптөр отурабы, бир кийимди 2-3 ирет кийгенимди көрүп калса "чеччи алдыгы кийимиңди, башка кийимиң жокпу" деп башташат. Салмак кошкондон кийин гардеробум жаңырат. Батпай калган кийимдеримди туугандарым тандап алып кетишет. Ал эми сахнага кийчү костюм-шымдарды, көйнөктөрдү тамада болуп жүргөн 3 өкүл балам алышат. Мен жаңы костюм же көйнөк алсам өкүл балдарым "эртерээк батпай калсын" деп тамашалап калышат".

Айдана Дека, ырчы: "Кийимдеримди жардамга муктаждарга берип турам"

"Буга чейин кийимдеримди сиңдилериме берчүмүн. Азыр алар бой жетип, менден дагы чоң болуп кетишти. Мындан улам кийимдеримди кайрымдуулукка берип турам. Социалдык тармактан "кийилбеген кийимдер болсо муктаждарга алып барып берет элек" деген каттар келет. Бир-эки жолу кийилген кийимдеримди чогултуп берип турам. Негизи кандай кийим алсам дагы бир-эки ирет кием. Андан ашык кийсең сынга кабылып баштайсың. Бирок аябай жакшы көргөн кийимдеримди айлап, жылдап деле кийип жүрө берем".

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: "Кийимдеримди белекке, ижарага да берем, айрымдарын сатам"

"Кийимдерди бир же эки жолу кием деп айтпайм. Көп эле жолу кием. Ар кандай иш-чараларга кийген формаларымды белекке, ижарага берем, кээде сатам. Ал эми күнүмдүк кийилчү кийимдеримди "NUR" академиясынын окуучуларына, сиңдилериме эле берем. Сумка, аксессуар, бут кийимдеримди таратпайм".

Нурлан Насип, ырчы: "Кийимдерим шкафка батпай баратканда жакындарыма берип турам"

"Мурдагыга караганда азыр кийим дүкөндөрү менен көп иштешип калдым. Ошондон уламбы кийимдерим батпай кетет. Гардеробум толуп калганда бир тууганыма, жакын инилериме берип турам. Кийимди бир же эки жолу кийип таштап салбайм, тажаганча кием десем болот".

Айгерим Расул кызы, ырчы: "Кече көйнөктөрүн сурагандарга ыңгайлуу баада берем"

"Кийимдерди көп жолу кийдим деп ылгабайм. Кайсы кийим ыңгайлуу болсо ошону айлап, жылдап деле кийип жүрө берем. Гардеробумдагы кийимдердин арасында жаңы, бир дагы жолу кийилбеген кийимдерим бар. Кийилбей калган кийимдерди сиңдилериме, жакындарыма берем. Кээде тааныш эмес күйөрмандарым сурашат, аларга дагы берип турам. Ал эми кече көйнөктөрүмдү сурагандар көп. Аларга көйнөктөрүмдү ыңгайлуу баада берем. Аксессуар, бут кийимдерди дагы белекке берем. Көбүнчөсүн бир тууган сиңдим Аяна алып коёт. Күйөрмандарым ырымдап бер деп суранышат. Негизи жеке гардероб боюнча жакшы пландарым бар, буюрса, аны ишке ашырганда күбө болосуздар деп ойлойм".

Ал эми орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоров жакында эле гардеробун көрсөткөн. Тагыраагы, ал "Осторожно, Собчак!" берүүсүндө шаардын четиндеги үйүн көрсөтүп, гардеробу менен тааныштырган. Долбоордун алып баруучусу Ксения Собчак Киркоровдун гардеробун көргөнгө чейин өзүн "шопоголик" сезерин айтып, "эми өзүмдү бечара сезип калдым" деген. Филипп Киркоровдун гардеробу кызуу талкууга алынып, айрымдары "Кытай базары" дешсе, айрымдары Ксения Собчакты базарда жүрөт деген ойдо болгонун билдиришкен.






Ырчылардын кийилген кийимдерин сатып алат белеңиз?

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
28.05.2019. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сооп кылышат экен да кийимин белекке берип
28.05.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мен кийбейт болчумун.
28.05.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал артистердин кийими
28.05.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Озумудун эле акчама жаны койнок алып кийгениме шугур кылам.
28.05.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акчасы кооп ала беришсин!
28.05.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дайыр менен Айгеримдикин вообще алмак эмесмин
Бекер дагы
28.05.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Самара менен Анжеликадан ырас эле сурабай коюпсунар.
28.05.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,Күлгөн смайлик жок экен да.
28.05.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
titanik32, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
28.05.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,Макул кечиресиздер,маани бербей эле жазып жиберипмин.
28.05.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар бир алган нерсеге жооп берээриңерди унутпагыла!
28.05.2019. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Defend.,ким кимге эмне деп жооп берет экен, кийим алган учунбу
28.05.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпон менен Нурзаттын кийимин сатып алат элем. Бирок Айдана Деканын кийими дерзкий экен. Озуно сонун жарашат экен. Адамдын кийген кийими адамга абдан дем кошот. Ошон учун дерзкий кийимдерди сатып алгыла. Модный дегендей.
28.05.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деканын кийими сонун. Одежда диктует поведение. Адам кандай кийим кийсе, коомдо ошондой алып журот. Дурак, одетый скромно, выглядит умнее - дегендей.
28.05.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Талипбековалар менен Айданадан Бишкек парктагылар тажап буткон кыдырып эле кийим сурап басып журушот бартерге дешип..Ырчымые деген жаш кыздардын кобу ошентип тажатат.
28.05.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Киркоров вообще го.... козум алайып калды.
Мен кийген кийимдерди булар кийишпейт. Бири да узун койнок, жо0лугу жок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: