Мунай базадагы өрттөн жабыркаган адам жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек
Жалал-Абад шаарындагы мунай базадагы өрттөн жабыркаган адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, анын абалы туруктуу деп бааланууда.
"Өрттөн жаракат алган жаран азыр Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатат. Ал жандандыруу бөлүмүнөн чыгарыла элек, бирок дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалап жатышат.
Бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп, дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат", - деди басма сөз катчы.
Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында 10-май күнү саат 10:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир жарандын денесинин 50 пайызы күйүп ооруканага жеткирилсе, өрт өчүрүү кызматкеринин бети күйүп, ал ооруканага жаткан эмес. Өрт саат 17:25те чектөөгө алынып, 00:17де толук өчүрүлгөн.
Жалал-Абаддагы мунай базасында өрт чыкты
