super.kg logo

Каалоо, максат, аракет. Elite House'тун негиздөөчүсү Тимур Файзиев ийгилик формуласын айтты

 

11-май күнү "Хан Теңир" этно комплексинде Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев "Ийгиликке жетүүнүн искусствосу" деп аталган темада бизнес-тренинг өттү. Бул иш-чарага 700дөй адам катышып, келгендер жаңыча күч алып, билимин өркүндөтүп, жаңы максаттарга жетүүнү көздөп кайтышты.

Кече барабандардын коштоосу менен башталды. Музыканттардын күчтүү энергетикасына толгон публика, иш-чаранын башкы спикерин күтүп калды. Тимур Файзиев кыймылсыз мүлк чөйрөсү жана курулуш бизнеси тууралуу талкуулоо менен тренингди ачты. Ал миллиардерлердин ийгиликке жетүү формуласы менен бөлүштү - бул каалоо, максат жана аракет. Файзиев "чоң максатты алдыңа кой, бийиктикке ашыр, тобокелчиликке барып иште" деген чакырык жасады. Албетте, эксперттин тарыхындагы жетишкендиктери жана жеңилгендиктери тууралуу фактыларды келтирүү менен "жеңишке жетиш үчүн утулганды да билиш керек" деп түшүндүрдү.

Кечеде бир гана ийгиликке жетүүнү талкуулоодон тышкары жаңы, агенттерге арналган лоялдык программасын башкы директордун биринчи орун басары, коммерциялык директор Ильхам Макеев сунуштады. Эми ар бир каалоочу компаниянын батирлерин сатууда анын суммасынан 3 пайызга чейин иштеп табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, 3 батирди биринчи саткан агентке баалуу белектер - муздаткыч, кир жуучу машина жана үй кинотеатры берилерин айтты.

Ошондой эле Тимур Файзиев Elite House компаниясынын "2045" стратегиясын тартуулады. Бул уникалдуу программанын алкагында 1 миллион мекендештерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу, 1 миллион мигранттарды мекенге кайтарып жумуш орду менен камсыз кылуу, 1 миллион бак-дарактарды отургузуп, шаарды жашылдандыруу жана башка иштер бар.

Кеченин соңунда меймандарга ыйык Рамазан айына карата ооз ачыруу (ифтар) уюштурулду. Меймандар жаңы ийгиликтерге умтулуу менен кийинки тренингди чыдамсыздык менен күтө тургандыктарын билдиришти. Ал эми Тимур Файзиев ар кандай бизнес тууралуу социалдык тармактарда түз эфирде ар жума сайын жолугушууга убада берди. Анда ал көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.

Тимур Файзиевдин сатуу жаатында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Анын ичинен 13 жылы кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө. Социалдык корпоративдик жоопкерчиликтин алкагында жарандарды окутуу аракети Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым деп жыйынтык чыгарса болот.


кошулду





Каалоо, максат, аракет. Elite House'тун негиздөөчүсү Тимур Файзиев ийгилик формуласын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
16.05.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
25 жыл стажы болсо ошондо азыр 50добу?
16.05.2019. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан дагы Гум Чынар да ушунуку экенин айтпай кетипсинер го,же депутаттын аялына сатты деген чынбы?
16.05.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777, ГУМ Нариман тюлеевдики, наримандын апасынын аты Чынар ошонун атынан коюлган.
16.05.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kuttubekuzgen,Файзиев салып ага саткан дешет.
16.05.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жон эле директор болсо керек устундо башка чиновник миллиардерлер бар го дейм.
16.05.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,бул озу миллиардер.крупный застройщик.
16.05.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,анда башка олкодон келген инвестор болуш керек эле,болбосо саясатта журмок эле да бизнесин коргош учун
17.05.2019. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,Кыргызстандык уйгур.
17.05.2019. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,туура айтасын. Элит Хаусту 3 киши биригип туптогон. Тажик, Озбек, анан албетте биздин ХХХХ бироо бар
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-17 09:19:19
17.05.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1миллион адамды жумуш менен камсыздаса жакшыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: