super.kg logo

Жети-Өгүздө 15 жаштагы кыздын төрөгөнү боюнча 20 жаштагы кошунасы сурак берүүдө

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көз жарган 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча айылдаш кошунасы сурак берип жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына Жети-Өгүз райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева тастыктады.

Анын айтымында, өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган адам 20 жашта жана ал төрөгөн кыздын кошунасы.

"Кыздын төрөгөнүн биз ал ооруканадан чыгып жаткан күнү билдик. Кабар алуу максатында кыздын апасына жолуктук. Ал райондогу ооруканада түнкү нөөмөттө иштейт экен. Анын айтымында, бул окуя боюнча шек санаган адамы деле жок. Ошондой эле арыз да жазган эмес. Ал эми кыздан сурасак, ал кимдир бирөө түнү келип зордуктап кеткен деп айтып берди. Бирок алгачкы суракта кыз менен бала өз көңүлдөрү менен гана мындай кадамга барышканы айтылып жатат. Эми алдыдагы сурактарда башка дагы жагдайлар белгилүү болушу ыктымал. Азыркы убакта тергөө ишинде үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздын кызыкчылыгын коргоп жатышат. Учурда кыз өзүнүн ата-энеси жана баласы менен чогуу. Ошондой эле психологиялык жардам көрсөтүлүүдө", - деди Жаанбаева.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы кыз 6-майда көз жарган. Башкы прокуратура кыз тууганынан төрөгөнүн билдирген.






Жети-Өгүздө 15 жашар кыз 20 жашар кошунасынан төрөдү

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.05.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыкго энеси шек санаган кишиси жок болсо арыз жазбаса анда билетда ким экенин
17.05.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Үйлөндүрүп коюш керек, баланы жарты жетим кылбай.
17.05.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara-kulzha,3 жыл күтүш керек кыз турмушка чыга алыш үчүн.18 жаштан баштап турмуш кура болот мыйзам боюнча. Эгер кыз өз каалоосу менен, өз макулдугун берип ушул ишке экөө барышса 3 жылдан кийин экөө үйлөнүп алганы туура. Экөө тең эмне жасап жаткандарын билишкен. Бирок ким билет? Мүмкүн башында зордукталгандыр чын эле. Анан ансыз деле кыз эмессиң деп 20 жаштагы бала тигил 15 жаштагы кызды көндүрүп алгандыр. Болушу дагы мүмкүн. Алдаса болот жаш башты дегендей.
17.05.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откондо Озгондо оз атасынан торогон 9 жаштагы кыздын тагдыры не болду админ,жардам берилип жатабы?
17.05.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777, саламатсызбы! Өзгөндөгү кыз дагы 15 жашта. Кыздын атасы 12 жарым жылга кесилген. Кыз өзү кризистик борборду башпаанек кылууда. Ал эми ымыркайы балдар үйүндө багылууда.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-17 16:41:17
17.05.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal,Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: