super.kg logo

Индияда бейтаптын ашказанынан 7 кашык, 1 бычак жана башка буюмдар алынган

 

Индияда бейтаптын ашказанынан бир нече буюмдар алынды. Тагыраак айтканда, чай кашык, тиш жуучу щётка жана бычак алынган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя Манди аймагындагы Лал Бахадур Шастри атындагы медициналык колледжде болгон. Аталган жайга бейтап ичи ооруп жатканын айтып кайрылган. Дарыгерлер медициналык кароо жасап, бейтаптын ашказанында бир нече буюмдардын бар экенин аныкташкан. Бейтапка дароо операция жасалып, дарыгерлер анын ашказанынан 7 чай кашык, 2 тиш жуучу щётка, 2 кичинекей отвёртка жана бычакты алып чыгышкан. Учурда бейтаптын абалы оор экени айтылган.

Аталган медициналык колледждин кызматкерлери бейтап Пика илдети менен жабыркашы мүмкүн деп божомолдошууда. Пика илдети - ашказандын иштөөсүнүн бузулушу, тагыраагы, адам жегенге мүмкүн болбогон заттарды тамак-аш катары колдонуп башташы.






Индияда бейтап кашык, бычактарды жутуп алган

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.05.2019. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чон соройлордун ашказанын дагы операция кылса нелер гана чыкпайт.
29.05.2019. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars88,Жашыл акчалар чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: